Михалков Сергей Владимирович

Википедия дан
Михалков, Сергей Владимирович‎»‎ барагынан багытталды)
13 марта 2003

Михалков Сергей Владимирович (28. 2(13. 3). 1913-ж. т., Москва) — орус совет жазуучусу, коомдук ишмер, СССР ПИАнын акад. (1971), ОСФСРдин искусттвого эмг. сиң. ишме­ри (1967), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1973). 1950-жылдан КПСС мүчөсү.

  • Кызматкердин үй-бүлөсүнөн. М. Горький атындагы адабият институнда окуган (1935—1937).
  • Чыгармалары 1928-жылдан жарыяланууда. Анын балдар жөнүндөгү ырлары айрыкча кастарланат.
  • Улуу Ата Мек. согуш мезгилинде аскер кабарчысы болуп, элди Мекенди коргоого үндөгөн түркун жанрда чыгармалар жазган.
  • Балдар театры үчүн «Том Кэнти» (1939), «Бөтөнчө тапшырма» (1945), «Кызыл жагоо» (1946), «Мактанчаак коён» (1951), «Сомбреро» (1957), чоңдор үчүн «Илья Головин» (1950), «Мергенчи» (1956), «Жапайылар» (1958) ж. б. пьесаларын жазган.
  • «Тоотпостордун тою» (1971) жомок-повести, пед. темадагы «Баары балалык кезден башталат» (1968) макала жыйнагы жанa бир топ ыр жыйнактары бар.
  • Котормочу катары да белгилуу. СССР Жог. Советине (8-шайл.) депутат. СССР жазуучулар союзунун секрета­ры 1965—70-ж.
  • РСФСР жазуучулар союзунун Москва уюмунун башкармасына биринчи секретарь, 1970-жылдан РСФСР жазуучулар союзунун башкармасына председатель.
  • 1962-жылдан «Фитиль» журналынын башкы редак­тору. СССР мамл. сыйл. (1941, 1942, 1950), Лениндик сыйл. (1970) лауреа­ты.
  • Үч Ленин ордени, Октябрь Революциясы, башка үч орден жанa медал­дар менен сыйланган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.