Мишель Родригес

Википедия дан
Мишел Родригез‎»‎ барагынан багытталды)

Майте Мишел Родригез (англ. Michelle Rodriguez; /rɑːˈdriːɡɛz/;1978-жылы, 12-июлда туулган) - америкалык актриса жана сценарист. Ал "Кыздардын урушуусу" (анг. Girlfight, 2000) тасмасында кыйынчылыкка туш болгон боксчу кыздын ролун аткаруу менен атактуулукка жеткен. Бул ролу үчүн Мишел жакшы сын-пикирлерге арзып, бир нече сыйлыкка ээ болгон. Алардын ичинде "Spirit Award" жана "Gotham Award" сыйлыктарынын "Эң мыкты дебюттук аткаруу" наамы сыяктуу сыйлыктар бар. Кийинки жылы ал "Форсаж" (анг. The Fast and the Furious, 2001) тасмасында тартылып, тасманын кийинки төрт чыгарылышында да роль аткарган. Родригез ошондой эле ийгилик жараткан экшн тасмаларда тартылган. Алардын катарында : "Жамандык тургуну" (анг. Resident Evil) , "Атайын куралдар жана ыкмалар" (анг. S.W.A.T) жана "Аватар" (анг. Avatar) бар.

Буга кошумчалай ал "Жоголгондор" (анг. Lost) телесериалынын экинчи сезонунда Ана Лүсия Кортездин ролун аткарган. Жана ошондой эле ал "Call of Duty" жана "Halo" сыяктуу видео оюндарда үн коштогон жана Турбо (анг. Turbo) аттуу анимацияланган 3D тасмага жана "Өлбөгөн Гран-При" (анг. IGPX) телесериалына үнүн берген. Анын тасмалары 5 миллиард АКШ долларынан ашкандыгы үчүн , 2013-жылы Entertainment Weekly Родригезди "Экшн жанрындагы эң иконалуу актриса жана Голливуддагы эң көрүнүктүү латын америкалык актриса" - деп белгилеген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]