Миңбай Айманбетов

Википедия дан

Айманбетов Миңбай (1930, Нарын облусу, Кочкор району, Акжар кыштагы - 1997, Бишкек) - медицина илимдеринин доктору (1971), профессор (1972). Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1984), КРнын эмгек сиңирген дарыгери (1995). КММИни (1954), аспирантурасын (1957) бүтүргөн, ошол эле жерде ассистент (1957-66), улук илимий кызматкер (1966-68), доцент (1968-72) болуп иштеген. Негизинен органдар менен ткандардын регенерация жана трансплантация проблемаларын изилдеген. Эмгектери: Регенерация нервов. Ф., 1960; Трансплантация и регенерация органа. Ф., 1975; Проблемы эхинококкоза в Киргизии. Ф., 1989; Биологическая несовместимость при гемотрансплантации периферического нерва. М., 1971.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1