Миң-Куш өрөөнү

Википедия дан

Миң-Куш өрөөнүИчки Теңир-Тоодо. Молдо-Тоо менен Кабак-Тоонун аралыгында, деңиз деңгээлинен 1400–3300 м бийиктикте жайгашкан. узундугу 30 км, туурасы 2 км. Өрөөндүн башы Доңуз ашуусуна барып такалат. Негизинен кеңдик багытында созулган. Миң-Куш кыштагынан бир аз батышта түндүк-батышты карай имерилет да, төмөн жагында кайрадан кеңдик багытка өтөт. Туюк-Суунун чатынан төмөн капчыгайга айланат. Өрөөндү курчап турган тоолордун салыштырмалуу бийиктиги 1500–2100 мден ашык. Миң-Куш өрөөнү Көкөмерен тибиндеги симметриялуу ичке, тар ойдуңдарга кирет. Төмөн жагында жана сол өйүзүндө неоген-палеогендин кумдук, чопо, мергель, алевролит, юра мезгилине таандык конгломерат, аргиллит, көмүр кездешет. Молдо-Тоо жагында астынкы карбондун сланец, кумдук, аки таш тектери, Кабакомитетоо тарабында гранит тектери жатат. Миң-Куш глиеж кени жана Ак-Улак көмүр кендеринин тобу бар. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы –11,8°С, июлдуку 17°С. Жылдык жаан-чачыны 372 мм; 80%тен ашыгы жаз, жай мезгилдеринде жаайт. Негизги суусу – Миң-Куш (куймалары: Чамынды, Туюк-Суу, Чоң- таш). Ландшафты экспозициясына жана бийиктикке жараша өзгөрөт. Тескей тарабында сейрек карагайлуу токой жана көбүргөн-шимүүр-каз тамандуу шалбаа (2500– 3100 м), субальп, альп шалбаасы жана шалбаалуу талаа (3100 мден жогору) ландшафттары ээлейт. Анда-санда карагай токойлору кездешет. Капчыгайда, суу бойлорунда терек, тал, кайың, баш жагында четин өсөт. Негизинен жайыт катары жана токой чарбасында пайдаланылат. Өрөөндө Миң-Куш, Сары-Булак кыштагы жайгашкан. Миң-Куш – Чаек – Бишкек автомобиль жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]