Моделдер

Википедия дан

Моделдер химимялык технологияда системаларды изилдөө методду. М. объект масштабы же физ. жаратылышы менен айырмаланат. М. ар түрдүү маселелерди чечүүдө: жаңы процесстер изилдөө; проекттер түзүү; аппараттын схемаларын оптималдык абалга келтирүү; өндүрүш эффективдүүлүгүн жогорулатуу; өндүрүштү оптималдуу пландаштыруу; автоматташтырылган башкаруу системаларын иштеп чыгуу, ж.б. колдонулат. М. окшоштук теориясынын негизинде өтөт. Окшоштук физ. жана математикалык болушу мүмкүн. Физ. М. масштабы менен чыныгы обьектен айырмаланат. Бул М. артыкчылыгы: 1) объекти аз каражат менен изилдөө (сырьё, энергия, убакыт аз сарпталат) 2) физ.-хим. касиеттери белгисиз обьекттер изилдөөгө мүмкүнчүлүк алуу; 3) обьектин М. кошумча анализдер жүргүзүү. Физ. М. процесстерди изилдөөдөгү баштапкы кадам жана математикалык М. үчүн эксперименттик азык. Математикалык М. теңдемелер системасы аркылуу натуралдык обьекттинин абалын жазат, анализдейт  жана башкарат. Берилген М. алгоритм аркылуу башкарылып, функциялык көз карандылыкты түзүүгө жардам берет. Математикалык М. детерминардык, статистикалык жана стохастикалык башкаруулар кирет. Стохастикалык М. болжолдоо принциптеринин, статистикалык-эксперименттер, детерминардуу М. математикалык жактан аныкталган көз карандылыктар негизинде түзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]