Мазмунга өтүү

Модена

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Модена
Желек Герб
Желек Герб
Эмилия-Романья облусуИталия
Координаттар44°38′ с. ш. 10°55′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшүМодена провинциясы
МэрДжанкарло Муццарелли
Тарыхы жана Географиясы
Борборунун бийиктиги34 м
Климатынын түрүЖер ортолук деңиз климаты
Убакыт аралыгыUTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Расмий тилиИталян тили
Калкы186 307 адам (2023)
Агломерация260 000 (болжол менен)
Улуттук курамыИталиялыктар
Диний курамыКатолицизм, башка
ЭтнохоронимМоденези (Моденалыктар)
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+39 059
Почта индекси41100
Автоунаа кодуMO
Сайты[https://www.comune.modena.it шилтеме]  (итал.)
Модена (Италия)

МоденаИталиянын түндүгүндөгү шаар. Ал Эмилия-Романья облусунда, Модена провинциясынын административдик борбору болуп саналат.

2023-жылкыга карата 186 307 адам жашайт.

Моденанын аймагы байыркы доорлордон бери жашоочуларга бай болгон. Бронза дооруна таандык терамара маданияты бул аймакта жашаган алгачкы адамдардын белгилерин калтырган. Римдиктер келгенге чейин бул жерде этрустар жана галлдар жашашкан.

Рим империясы учурунда Модена «Мутина» деп аталган жана 183-жылга чейин римдик колония болуп эсептелген. Ал Римдин түндүк аймагындагы маанилүү шаарлардын бири болуп, Виа Эмилия жолу аркылуу байланышкан. Цицерон бул шаарды «splendidissima et floridissima» (өтө гүлдөгөн жана кооз шаар) деп сүрөттөгөн. Шаар римдик аскердик жана саясий окуялардын чордонунда турган, анын ичинде Спартактын көтөрүлүшү жана Моденанын жанындагы 43-жылдагы салгылашуу орун алган.

Орто кылымдар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рим империясынын кулашынан кийин шаар маанисин жоготуп, суу ташкындары жана ачарчылык менен жабыркаган. Шаар тургундары коопсуздук үчүн жаны шаар аймагына көчүп кетишкен. IV кылымдын аягында Моденанын епископу жана кийинкиде шаардын коргоочусу катары саналган Сан-Жеминьяно белгилүү болуп,

31-январь — шаарда майрам катары белгиленип келет.

VIII кылымда Моденанын жаны жанланып, анын маданий жана диний мааниси кайра жогорулай баштаган. Нонантула монастыры ачылып, императорлордун колдоосуна ээ болгон.

Кафедралдын курулушу жана шаардын өнүгүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1099-жылы Моденанын тургундары жаңы собор куруу демилгесин көтөрүшкөн. Бул роман стилиндеги кафедрал кийинчерээк Гирландина мунарасы менен толукталып, шаардын символу болуп калды. 1106-жылы бул жерде белгилүү италиялык аристократ Матильда ди Каносса жана Папа Паскаль II катышкан диний иш-чара өткөн.

Шаар XII кылымда өз алдынча коммуналдык башкарууга ээ болуп, 1175-жылы Европадагы байыркы университеттердин бири — Моденанын университети негизделген.

Эсте династиясы жана жаңы доор

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

XVI кылымдын аягында Эсте үй-бүлөсү Феррарадан чыгып, Моденаны өзүнүн борбору кылып жарыялаган. Алар жаңы сарайларды, мунараларды жана маданий мекемелерди курушкан. 1598-жылы башталган бул доордо Палаццо Дукале (Герцогдук сарай) курулуп, Модена герцогдуктун борборуна айланган.

XVII жана XVIII кылымдарда Модена Ренессанс жана Барокко архитектурасы менен гүлдөп, диний реформалар да жүргөн.

Наполеон жана Италиянын биригүүсү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1796-жылы Наполеон Бонапарт Моденаны басып алып, Эсте үй-бүлөсүн кууп чыккан. 1797-жылы Модена Цизальпин Республикасына кошулган жана бул жерде Италиянын үч түсү бар туусу алгач көтөрүлгөн.

1859-жылы шаар Пьемонт-Сардиния падышалыгына кошулуп, кийинчерээк бириккен Италиянын курамына кирген.


Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Расмий сайт

Шаардын тарыхы