Модильяни Амедео

Википедия дан

Модильяни Амедео (12. 7. 1884, Ливорно — 25. 1. 1920, Париж) — италян живописчиси жанa скульптору.

Флоренция көркөм сүрөт академиясынан окуган. 1906-жылдан Парижде жашаган. Амедео Де-Тулуз-Лотрек, П. Се­занн, П. Пикассонун чыгармаларынан үйрөнгөн. Скульптор катары чеберчилиги К. Брынкушинин таасиринде калыптанган.

Модильяни нин живопистик манерасына композициялык тактык, колориттүүлүк мүнөздүү. Сүрөттөрүндө психологизм, поэтикалык көтөрүңкүлүк, адамдын көркөм образын трагедиялык мүнөздөп көрсөтүү байкалат (Л. Зборовскийдин портрета, 1917, Сан-Паулу сүрөт музейи; «Эльвира», 1919, Берн)

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.