Можаритардык шайлоо системасы

Википедия дан

Шайлоо системасы (французча matorites – көпчүлүк) – өздөрү добушка коюлган шайлоо округу боюнча добуштардын көбүнө ээ болгон тарапкерлерди шайланды деп эсептеген шайлоо системасы. Можаритардык шайлоо системасынын абсолюттуу көптүк, салыштырма көптүк жана квалификациялуу көптүк деген түрлөрү бар. Абсолюттуу көптүк можаритардык шайлоо системасы учурунда эгер талапкер шайлоо округу боюнча берилген бардык добуштардын жарымынан көбүрөөгүн алса, ал шайланган болуп эсептелет. Салыштырма көптүк можаритардык шайлоо системасы учурунда бардык башка атаандаштарга караганда талапкер көбүрөөк добуш алса эле жетиштүү болот. Квалификациялуу көптүк можаритардык шайлоо системасы учурунда күн мурунтан белгиленген добуштардын үчтөн эки же төрттөн үчүнө, башкача айтканда жарымынан көбүрөөгүнө ээ болууга тийиш (бул өтө эле сейрек колдонулат). Можаритардык шайлоо системасы учурунда ар бир шайлоо округунан бир эле депутат шайланууга тийиш, бирок кээде (мисалы, Францияда) тизмелердин системасы колдонулат, ага ылайык көпчүлүктү топтой албаган талапкерлерге берилген добуштар жоголгон болуп эсептелет. Өзүнүн кемчилигине карабастан, мамлекеттердин көпчүлүгүндө пропорциялык шайлоо системасы менен кошо колдонулууда. Мисалы, парламенттин төмөнкү палатасы пропорциялык система менен шайланса, жогорку палатасы можаритардык система менен шайланат. Азыркы учурда салыштырма көпчүлүктү түзгөн можаритардык шайлоо системасы АКШ жана Улуу Британияда, абсолюттуу көпчүлүктү түзгөн можаритардык шайлоо системасы – Францияда колдонулууда. 2002-жылдагы шайлоолордо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын басымдуу көпчүлүгү можаритардык шайлоо системасы боюнча шайланышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]