Мозамбик агымы
Көрүнүш

Мозамбик агымы – Инди океанынын батыш бөлүгүндөгү жылуу агым; Мозамбик кысыгында. Түштүк Пассат агымынын бир тармагы. Африканы жээктей түштүктү карай агат. Ылдамдыгы 1,8–2,8 км/с (ноябрдан майга чейинки мезгилде). Суусунун үстүнкү бетинин температурасы февралда 25–22°С.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7