Мозолев, Леонид Никандрович

Википедия дан

Мозолев, Леонид Никандрович (1925, Псков облусу, Оповец р-ну, Молол кыштагы – 1976, Фрунзе ш.) – геолог, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976). Кыргыз ССРинин геол. кызматына эмгек сиңирген кызматкери (1975). Атамекендик согуштун катышуучусу (1944 – 45). 1952-ж. Ленинград мамлекеттик ун-тин бүткөн. 1952–76-ж. Кыргыз ССР Геол. башкармалыгынын геол. партиясынын геологу, улук геологу, начальниги. Кыргызстандагы жаңы кендерди ачууда ж-а чалгындоодо жигердүү эмгек сиңирген. Алтын кендерин ачууга катышкандыгы үчүн «Кенди биринчи ачуучу» деген төш белги берилген. Эмгек Кызыл Туу ордени (1966) ж-а медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]