Молдаван княздыгы

Википедия дан

Молдаван княздыгы — 14—19-кылымдагы феод мамлекет. Венгрияга күнкөр княздыгы катары 14-кылымдын 1-жарымында Молдова дарыянын өрөөнүндө өкүм сүргөн.

1359-ж. көз карандысыздык алган. Ага 14-кылымдын 2-жарымында Молдова. Буковина, Бессарабия кошулган. 15-кылымдын 30—50-жылдарындагы феох согуштардан начарлап,1456-жылынан Турцияга алман телөп турган. Молдаван эли Россиянын жана Украинанын колдоосу менен көз карандысыздыгы үчүн бир нече жолу күрөшкө чыккан. 18-кылымдагы орус-түрк согуштарынын натыйжасында түрктөрдүн Молдаван княздыгындагы үстөмдүгү начарлаган. Австрия 1774-ж. Буковинаны кара ткан. Бессарабия 1812-ж. Россия составына кошулган. Молдаван княздыгынын Кар­пат тоолору менен Прут дарыясынын ортосундагы аймагы түрк бийлигинде калып, 1859-ж. Валахия менен бир мамлекетке бириккен.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.