Молдакмат кызы Азима
Молдакмат кызы Азима (Касымбекова Азима) Саймачы. 1944-ж. Чүй районундагы Кегети айылында төрөлгөн.
Орто билимдүү. Бишкектеги көркөм буюмдарды жасоо фабрикасында, 1966-70-жылдары Москва шаарындагы сайма фабрикасында, 1973-жылдан «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинде эмгектенет. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Кыргыз ССР Жергиликтүү өнөр жайынын отличниги. Узчулукту 1975-жылдан баштаган. Ал кол сайма менен машинада илме сайманы тең аткарат. Туш кийиз, белдемчи, чепкен, чыптама, кемсел, аяк кап, текче, чыны кап өңдүүлөрдү арбын кармап, ага ылайыктуу көркөм көчөттөрдү өзүнүн уздук татымында так бере алат. Уз «бадам оюмун», «мүйүз оюмун» сайманын көркөм каражаттарына төптөштүрөт. Азимада боёкторду ич ара кабыл алууда жердикке шартташтырат. Уз көбүнчө кочкул кызыл, күрөң, боз түстөрдү буюмдун ажары деп эсептейт. Аянттуу буюму - туш кийизи жалпы кооздукту өзүнө имерет. Ага актан аламычтантып «суу» берет. Кызылдан жээги бар кара тукабага же чий баркутка сайылган сайма көчөттөрүнүн өзүнчө жүзү бар. Уз сары, ак, жашыл, көк өңдүү гүлдүн, чөптүн жана башка өсүмдүктөрдүн жалбырактарын көркөм көчөткө элемент кылат. Өңдү ич ара ойдогудай айкалыштырат. Уздун буюмдарында шырдак оюмдарынын элементтерине караганда нукура саймачылыкка таандык көчөттөр көбүрөөк көрүнөт. Ал көчөттөрдүн ар бири төрт көчөт элементтеринен турат. Ал өз өзүнчө табакчаланат. Ошондой эле жердик карадан тандалса, ортолугу кызыл көрүнсө, буюмдун жүзү ого бетер ачылат. Көчөт четтерине да «суу» жүргүзүлөт. Азима - атайын көркөм үлгүлөрдү чебер аткарууга жаралган уз.
Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1982-ж. СССРдин түзүлүшүнүн 60 жылдыгына карата «Элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык кароо-сынагы». Элдик кийимдери үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Биринчи даражадагы диплому; 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык кароо-сынагы». Туш кийизи үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Грамотасы; 1988-ж. Кыргыз ССР Маданият министрлигинин, Кыргыз ССР Жергиликтүү өнөр жай министрлигинин жана Кыргыз ССР Сүрөтчүлөр союзунун биргелешкен «Элдик чеберлердин республикалык көркөм көргөзмөсү». Туш кийизи Мамлекеттик этнографиялык музейге экспонатталган; 1990-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Туш кийиздери, сайма туштуктары менен катышкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0