Карыбек Молдобаев

Википедия дан
Молдобаев, Карыбек‎»‎ барагынан багытталды)

Молдобаев Карыбек (15.11.1932-ж. т., Кочкор району, Мантыш айылы) — СССР Жогорку Советинин 2 жолку чакырылышынын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4 жолку (1967—85) депутаты, философия илимдеринин кандидаты (1956).
1952-ж. КМУну, 1956-ж. М. В. Ломоносов атындагы Москва университетинин аспирантурасын бүткөн.
1956—64-ж. КМУнун философия кафедрасында ассистент, окутуучу, кафедра башчысы, КМУнун парткомунун катчысы, 1964—73-ж. Кыргызстан КП БКнын маданият бөлүмүнүн башчысы, 1973— 85-ж. Бишкек шааркомунун 1-катчысы, 1985— 87-ж. Кыргызстан КП БКнын катчысы, 1987-жылдан СССР Министрлер Советинин алдындагы дин иштери боюнча советтин төрагасынын орун басары, 1995-жылдан эл аралык Кыргыз-Түрк университетинин ректору.
Эстетика жана азыркы коомдук өсүш проблемаларына арналган илимий макалалардын жана 1 монографиянын автору. Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.