Молдобаев Нарынбек

Википедия дан

Молдобаев Нарынбек - КР V чакырылышынын депутаты

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1953-жылы 15 мартта Нарын шаарында туулган.

Жогорку билимдүү.

1982-жылы С.М.Киров атындагы Казак мамлекеттик университеттин бүтүргөн.

1971-1973-жылдары Совет армиясынын катарларында кызмат өтөгөн.


Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1973-жылы Нарын башкы автотранспорт мекемесинде контролер, улук инженер болуп баштаган.

1979-1984-жылдары Киргизия Компартиясынын Нарын шаардык комитетинде уюштуруу, пропаганда жана агитация бөлүмдөрүнүн инструктору болуп иштеген.

1984-жылдан баштап, 1985-жылы М.Рыскулов атындагы музыкалык-драмалык театрында директор болуп иштеген, 1985-жылынан баштап 1988-жылга чейин Нарын областык аткаруу комитетинде маданият башкармасынын жетекчиси, эл депутаттарынын Нарын областтык кеңешинин катчысы болуп иштеген. 1988-жылдан тартып 1991-жылга чейин «Чүйөнөржайкурулуш» курулуш тресттинде УПТКнын жетекчиси, башкы диспетчер, кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

1991-жылы жоопкерчилиги чектелген коомунун башкаруучусу, 1996-жылы «Руланд-Бишкек» бириккен ишканасынын башкы директору, 1999-жылы «Мунай» нефтепродукт ташуучу Балыкчы нефтебазасы мамлекеттик ишкананын директору, 2000-жылы «Мунай» нефтепродукт ташуучу мамлекеттик ишкананын коммерциялык директору, директорунун биринчи орун басары, 2004-жылы «Залкар» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору болуп иштеген.

2007-жылынын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин IV чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Алгач Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык тармактарды өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары, андан кийин Өнөр жай, соода жана туризмди, чакан жана орто бизнести, транспорт жана коммуникацияны, курулуш жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

2010-жылы октябрь айынын Кыргыз Республикасынын V чакырылышынын Жогорку Кеңешине «Ата-Журт» идеалисттик, демократиялык жана саясый партиясынан депутат болуп шайланган.

Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучу.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[1]