Молдокабыл кызы Ырысбүбү
Молдокабыл кызы Ырысбүбү (1905-1976) Өрмөкчү, оймочу. Ат-Башы районундагы Кара-Коюн деген жерде төрөлгөн.
Саймачы, термечи аталган энеси Уулбүбүнүн таасиринде Ырысбүбү 8-9 жаштарында өрмөккө отуруп, терме таарларга көркөм түр түшүрүүнү үйрөнгөн. Ал үзүк боого 41 тал жип аркылуу «чымын канат көчөтүн» берүүдөн өз өнөрүн баштаган. «Чагармак көчөтү», «тумарча көчөтү», «сыңар мүйүз көчөтү» түшүрүлгөн таар буюмдары сакталган. Ырысбүбү уз шырдакчылыкта көк-кызыл түстү арбын беттеп, шырыкты ширете алган. Анда Ат-Башы өрөөнүнө мүнөздүү «Салбай оюмду» арбын пайдаланган. Аяк каптын көркөм үлгүсүнө ортолук оюму үчүн бир табакчага төрт «кочкор мүйүз оюмун», төрт «карга тырмак оюмун» алып, анын астынан ошол кооздуктар кайрадан кайталанып, анын чети «жарым кыял оюмдалып», жээк оюмуна ак-кара «бычак учу» түшкөн. Буюм чети колдо чачыланган. Уздун Абдыкеримова Анипа, Калбаева Мария, Бейшенбаева Мөөркан, Какиналиева Бүбүрайым, Аалиева Райка, кыздары - Уулкан, Тынымкан сыяктуу үйрөнчүктөрү бар.
Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1974-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 50 жылдыгына карата «Кол өнөрчүлөрдүн республикалык көргөзмөсү». Таар жана шырдак буюмдары үчүн ЭЧЖРКнүн I даражадагы диплому.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0