Молдокабыл уулу Абдыжапар
Молдокабыл уулу Абдыжапар (1896-1981) Зергер. Ат-Башы районундагы Кара-Коюн айылында төрөлгөн.
Кызыл-Туу колхозунда темир уста болуп иштеген. Ага Шатен уулу Жакып устанын чеберчилиги таасирин тийгизген. Ат-Башы ГЭСиндеги «Шайтан көпүрө» да ошол устанын колунан чыккан. Ал кездеги атактуу ээрчи усталар Кулжабай Назар уулу, Таштан Сарымсак уулу, Супалардан зор таасир алган. Өтүк ултарууну Таштандан үйрөнгөн. Таштан өтүктү кеп жыгачсыз эле бетеге тыгын ултарып, кашыктай кургаткан уста болгон. Молдокабылдын балдары жыгачтан кештелеп, патнос жасаган усталар болгон. Абдыжапар ээрге жердик катары жергиликтүү карагайды, мырза теректи, жапайы талды тандаган. Кыйылган жыгачты дароо чапкан, анткени терек жаңы кыйылганда жумшак болуп, иштөөгө жеңил. Аны көлөкөгө коюп кургаткан. Терек-тал менен карагайдын ич ара айырмасын жатка билген. Чабылган ээрге сорпо менен малдын майын «кана ичирип», анан отко кайсап алган. Карагай ээрди арбын кармаган. Байтеше менен сомдоп, андан кийин балта, керки колдонгон. Кем-карчын бычак менен жонуп, өгөө менен жымсалдаган. Ээрдин кашын бүркүттүн томогосундай жасап, мурда күмүш жалаткан темир топчу, кийин чемодандын мыгы, жез менен шөкөттөгөн. Муну «көрчөгө» деп атаган. Ээрдин алдыңкы, арткы каптыргасын чыгарышса ал абдан чебер болгон. Үстүңкү чарасын жээктей темир уруп чегелеген. Абдыжапардын «кумач ээри» эр жигит ээри болгондуктан, аны «Эр эңиш», «Көк бөрү», «Ат чабыш» өңдүү улуттук оюндарга токунушат. Ал айырмач ээрди көп кармаган. Мунун алдыңкы, арткы кайчылашкан кашы болот. Анын кыз-келиндерге арналып жасалган айырмач ээри өзүнчө айырмаланып, бурчтарынан бери чегеленген. Көчкөндө булгаары тердик, муз желдик коюп, суу чайпалбас жорголорго токулган. Ыңырчак ээрди жасоодо ал бир нече бөлүктөргө бөлүп, аны көк менен бириктирип койгон. Жигит ээринин эки капталынын этегине ак жип (илгери жибек тарамыш) аркылуу энин жарым элидей кылып, «жээк» койгон. Ага эни эки элидей кош жарыш ичке балык жон «наар» келтирип, мунун ичинен чийим шибегеси менен «ийрек» сымал тиш-тиш түыгүрүлгөн «чийме сынпос» кооз көрүнгөн. Чебер муну өзүнүн «кыял оюму» менен да наар кылып түшүрө алган. Анын «жылдызча», «тоок көз», «тегерекче», «толкун» сыяктуу аспаптары кол булгаарыга көркөмдүк ыроологон. Бул көркөм көчөттөрдү эки капталына бирдей түшүргөн. Ээрдин кашы оюм чийим түшкөн моюнунан өйдө өзүнчө капталып, алкымынан булгаары чачы чыккан. Ээрге түшүрүлгөн чийме сынпостору бири бирин кайталабай, түрлөнүп кеткен. Айтор уста терини колдо иштетүүнүн асемдүү сырларын мыкты билип, көн буюмдарды да таасындап кармаган. Тери буюмдарын кепичке чейин жасаган. Кепичти адегенде бычып, анан кара териден апкыт жасап, таманына кайыш же көн койгон. Аны эки ууртунан тигип туруп, кыркалай кыйган. Андан кийин кеп жыгачка керип кургаткан. Кепич-маасынын жибин жылкынын тарамышынан чыйраткан. Тери идиштерин тигүүдө төөнүн чуудасына тарамышты аралаш чыйраткан. Антпесе, жалан тарамыш чирип кетиши, жырылып жана суу кирме болушу ыктымал. Бычып-тигилген идиштин ичине топурак шыкалган. Көөкөр, көнөчөк, көнөк ооздоруна тегерек жыгач коюп, аны алкак деп атаган. Шири тери орточо кургап, абдан ката электе ага ийгек аркылуу чийим түшүргөн. Ийгини отко ысытып алып, чийимдин үстүнөн катуу басканда оюм кашкая түшкөн. Абдыжапар мүйүздү да, сөөктү да кармаган. Аялдардын мүйүз тарагына майда жана кезек тиш чыгарган. Буга кунаажындын, топоздун мүйүзүн тандаган. Мүйүздүн ичине жумуру жыгач салып, малдын майын сыйпап, оттун табына кактаганда ал былпылдап жумшарган. Муңу суутпай, дароо эки жыгачтын ортосуна коюп, кайыш менен беттей таңып, үстүнө оор нерсе бастырган. Мүйүздүн чет-бучкагын чебер араалап, кадимки тарак түспөлүн бергенден кийин, тиштеринин ордун кылдат сызып алып, араа жүргүзгөн. Абдыжапардын байбичеси Ырысбүбү айыл арасындагы чыгаан өрмөкчү. Уулу Сайналга ата жышааны толук жуккан. Ал азыр Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектепте кол эмгеги боюнча мугалим. Небереси Каныбек да чебер. Эмгектери баттамада.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0