Мазмунга өтүү

Молдокматов, Абдыкалый Кожомшүкүрович

Википедия — ачык энциклопедия

Молдокматов, Абдыкалый Кожомшүкүрович (1935–1977) - акын, жазуучу Абдыкалый Молдокматов Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында 1935-жылы 21-майда туулган. 1960-жылы Москвадагы M.Горький атындагы Адабият институтун, 1966-жылы КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектептин жур-налистика бөлүмүн бүтүргөн.

Эмгек жолун 1952-жылы колхозчу болуп иштөө менен баштап, 1960-жылдан «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер, 1962-жылдан «Комсомольская правда» гезитинин Кыргызстан боюнча өч кабарчысы, 1966-жылдан «Мугалимдер газетасынын» редакциясынын партиялык турмуш бөлүмүнүн башчысы, ал эми 1967-жылдан «Труд» гезитинин Кыргызстан боюнча өз кабарчысы болуп эмгектенген.

Биринчи поэтикалык жыйнагы «Too кызы» деген ат менен 1959-жылы басылып чыккан.

А.Молдокматовдун кээ бир чыгармалары украин, казак, өзбек, англис жана испан тилдерине которулган жана басылып чыккан.

1960-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган. Кыргыз ССРинин Жогорку сотуна элдик заседатель болуп шайланган (1962–1965).


Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Too кызы: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 72 б.

Жаш өмүр: Ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 44 б.

Жол: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. – 120 б.

Сүйүүтай: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 83 б.

Жоогазын: Повесть, аңгемелер, очерктер. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 166 б.

Жаш өспүрүм: Ырлар. – Фрунзе, 1960. – 43 б.


Здравствуй, большая земля: Стихи и поэмы. – М.: Мол. гвардия, 1962. – 103 с.

Цветок, умытый росой: Рассказы и очерки. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 163 с.

Лавина: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 156 с.

Шаги ввысь. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 24 с.

Разговор с сердцем: Стихи и поэмы. – Ф.: Мектеп, 1977. – 152 с.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]