Молдокматов Абдыкалый Кожомшүкүрович

Википедия дан

Молдокматов Абдыкалый Кожомшүкүрович (1935–1977) акын, жазуучу.

Абдыкалый Молдокматов Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында 1935-жылы 21-майда туулган.
1960-жылы Москвадагы M.Горький атындагы Адабият институтун,
1966-жылы КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектептин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.
Эмгек жолун 1952-жылы колхозчу болуп иштөө менен баштап,
1960-жылдан «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер,
1962-жылдан «Комсомольская правда» гезитинин Кыргызстан боюнча өч кабарчысы,
1966-жылдан «Мугалимдер газетасынын» редакциясынын партиялык турмуш бөлүмүнүн башчысы, ал эми
1967-жылдан «Труд» гезитинин Кыргызстан боюнча өз кабарчысы болуп эмгектенген.
Биринчи поэтикалык жыйнагы «Too кызы» деген ат менен 1959-жылы басылып чыккан.
А.Молдокматовдун кээ бир чыгармалары украин, казак, өзбек, англис жана испан тилдерине которулган жана басылып чыккан.
1960-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган. Кыргыз ССРинин Жогорку сотуна элдик заседатель болуп шайланган (1962–1965).

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Too кызы: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 72 б.

Жаш өмүр: Ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 44 б.

Жол: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. – 120 б.

Сүйүүтай: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 83 б.

Жоогазын: Повесть, аңгемелер, очерктер. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 166 б.

Жаш өспүрүм: Ырлар. – Фрунзе, 1960. – 43 б.

Орус тилинде

Здравствуй, большая земля: Стихи и поэмы. – М.: Мол. гвардия, 1962. – 103 с.

Цветок, умытый росой: Рассказы и очерки. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 163 с.

Лавина: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 156 с.

Шаги ввысь. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 24 с.

Разговор с сердцем: Стихи и поэмы. – Ф.: Мектеп, 1977. – 152 с.