Молдокулова, Эсенбүбү

Википедия дан
Молдокулова Эсенбүбү

Молдокулова Эсенбүбү (1941-ж. т., Талас району, Кең-Арал айылы) — опера ырчысы (драмалык сопрано). Кыргыз Республикасынын эл артисти (1986; эмгек сиңирген артист, 1974).
1958-ж. Фрунзе медициналык окуу жайын, 1962-ж. Москвадагы П. И. Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы музыкалык окуу жайын, 1972-ж. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн.
1962-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында солист.
Аткарган ролдору: Айчүрөк, Калыйман, Зулайка, Ажар, Тотуя (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Айчүрөк», «Ажал ордуна», «Алтын кыз», «Токтогул» опералары), Гүлсара (В. Власов, «Михаил Фрунзе»), Кишимжан (М. Абдраев, «Олжобай менен Кишимжан»), Каныкей (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Манас»), Тоту (А. Аманбаев, «Бойдоктор»), Гүлмира (Н. Давлесов, «Аста секин колукту»), Ханша (С. Осмонов, «Сепил»), Лиза, Оксана, Наталья, Татьяна, Иоланта (П. И. Чайковский «Карганын маткеси», «Черевички», «Опричник», «Евгений Онегин», «Иоланта»), Наташа (А. Даргомышский, «Русалка»), Ярославна (А. Бородин, «Князь Игорь»), Чепрано, Анина, Дездемона, Аида (Ж. Верди, «Риголетто», «Травиата», «Отелло», «Аида»), Маргарита (А. Бойто, «Мефистофель»), Мерседес (Ж. Бизе, «Кармен»), Кирьянова, Анна, Эстер (К. Молчанов, «Бул жердин таңы бейкут», «Бресть Чеби», «Ромео, Жульетта и тьма»), Софья (Петров, Петр I), Эльвира (В. Моцарт, «Дон Жуан»), Микаэла (Ж. Бизе, «Кармен»), Канышай (Н. Давлесов, «Курманбек»).
Анын аткарган партиялары өтө чеберлик менен жеңил, таасирдүү жана элестүү, ошондой эле профессионалдык деңгээлде аткарууга жетишкен. Үнүнүн угумдуулугу сезимге жагымдуулугу менен айырмаланат. Молдокулованын репертуарында кыргыз, орус композиторлорунун ырлары да бар. Элдик ырларды да аткарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Э.МОЛДОКУЛОВА: АСАНКАН АГАЙ ЭҢ ЧОҢ САЯПКЕР ЭЛЕ