Молекулалык агым

Википедия дан

Молекулалык агым— сейректелген газдын (молекула, атом, ион жанa электрондордун) агымы.

Мындай газ агымын туташ чөйрө деп кароого болбойт, анткени анын касиеттери молекулалардын баш аламан кыймылынан аныкталат.

Молекулалык агымда газдын молекулалары, биринчиден, бүт бойдон алга жылуу кыймылында, экинчиден. бири бирине көз карандысыз жанa баш аламан кыймылда болушат. Молекулалык агымды изилдөөнүн негизин газдар­дын кинетикалык теориясы түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.