Мазмунга өтүү

Молекулалык кристаллдар

Википедия — ачык энциклопедия

Молекулалык кристаллдар – бири бири менен начар Ван-дер-Ваальс күчтөрү же суутек байланышы менен байланышкан молекулалардан түзүлгөн кристаллдар.

Молекулалык кристаллдардын фазалык айлануулары: эрүү, катуу заттын бууга айланып кайрадан катуу затка өтүшү, полиморфтук өтүүлөр. CO2 түрүндөгү бинардык бирикмелер металл-органикалык бирикмелерди жана кээ бир комплекстүү бирикмелерди пайда кылат. Молекулалык кристаллдарга көптөгөн полимер кристаллдары, анын ичинде ак заттардын жана нуклеин кычкылдыктарынын кристаллдары кирет. Молекулалык кристаллдар төмөнкү температурада эрийт (–150–350°С), жылуулуктан кеңейет, кысылат, катуулугу анча эмес. Кадимки температурада көптөгөн Молекулалык кристаллдар–диэлектриктер, кээ бир Молекулалык кристаллдар (мис., органикалык боёктор) – жарым өткөргүчтөр.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]