Мазмунга өтүү

Молекулалык орбиталдар методу

Википедия — ачык энциклопедия

Молекулалык орбиталдар методу кванттык химияда мол-нын энергиясын жана электрондук структурасын аныктоо үчүн колдонулат. Алар бир мол-лык орбитал (МО), ядролор жана калган электронун орточо талаасындагы абалын көрсөткөн бир электрон жакындатылуусуна негизделген. Электрондор орточо талаасынын потенциал

ж-а МО вариациялык метод менен аныктоого болот. Талаанын потенциалы МО. көз-каранды болгондуктан, кээ бир учурда МО методу өз алдынча макулдашылган талаа (ССП) деп аталат. Шредингер теңдемесин чыгарууда МО эреже катары, атомдук орбиталдар сызыктуу комбинациясы (МО АОСК жакындатылышы) түрүндө каралат, ошондуктан МО жана мол-нын энергиясын эсептөө алгебралык теңдемелер системасын чыгарууга алып келет. Мол-нын толкундук функциясын МО методунун ар түрдүү модификацияларына туура келген формаларда көрсөтүүгө болот. Хартринин методунда мол-нын толкундук функциясы мол-лык спин-орбиталдын көбөйтүндүсү, ал эми Хартри-Фок методу боюнча Слэтер детерминантынын сызыктуу комбинациясы катарында аныкталат. Толкундук функциянын формасы мол-нын электрондук абалын, электрондук конфигурациянын жардамынын негизинде классификациялоого мүмкүндүк берет. Мол-нын негизги абалына, эреже катары, орбиталдык энергиясы төмөн болгон МО максималдуу толгон конфигурациясы туура келет. МО методу боюнча химимялык  байланыш, атомдук же гибриддик орбиталдар жабылышы менен аныкталган. Кванттык химиянын көпчүлүк жарым эмпирикалык жана эмпирикалык эмес методдору МО методуна негизделген. МО методу түшүнүктөрү химимялык  байланыш жана реакцияга жөндөмдүүлүк теорияларында, мол-лык спектроскопияда колдонулат. МО методу 1927-32-ж.ж. Ф.Хунд, Р.Маликен, Д.Р.Харти, Дж.Слэтер, В.А.Фок ж.б. тарабынан иштелип чыккан. 

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]