Мазмунга өтүү

Молекула спектрлери

Википедия — ачык энциклопедия

Молекула спектрлери – мол. бир энергетикалык денгээлден башка энергетикалык денгээлге өткөндө электромагниттик нур жутулушунун, чыгышынын жана чачыроосунун оптикалык спектри. М.с. өтө жыш жайгашкан спектр сызыктарынан түзүлгөн ичке же жазы тилкеден турат. Атомдор сызыктуу спектрине караганда тилкелүү М.с. бир кыйла татаал түзүлүшкө ээ. Анткени мол-ны түзгөн атом ядросуна карата электрондордун кыймылдуу болушу (ультра-кызгылткөк жана көзгө көрүнгөн аймакт) менен бирге кыймыл башка түрлөрү - мол-да ядронун өзүнүн теңдештик абалынын тегерегинде термелүү кыймылы (инфра-кызыл жана өтө жогорку жыштыктагы аймака) бар. Кыймыл аталган түрлөрүнүн бардыгы квантталган, б.а. кыймылды камсыз кылуучу энергия дискреттүү мааниге ээ. Мол-лар энергиянын тийиштүү денгээлдерине өткөндө М. с. кошумча сызыктар пайда болот. Мол-да атом саны көбөйсө, анын спектринин структурасы да татаалдашат. М.с. мол-нын түзүлүшү ж-дө (инерция моментин, термелүү жыштыгын, атомдор аралыгын, диссоцияция энергиясын, мол-нын структурасын ж.б. аныктоодо баалуу маалыматтарды берет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]