Молекулалык физика

Википедия дан
Молекула физикасы‎»‎ барагынан багытталды)

Молекула физикасы - физиканын бир бөлүмү; ал ар түрдүү агрегаттуу абалдагы заттардын физ. касиеттерин ошол заттын микроскопиялык (молекулалык) түзүлүшүнө жа­раша изилзейт.

  • Молекула физикасынын маселелери физ. статистика, термодинамика жана физикалык кинетика методдору менен чечилет. Бул методдор менен физ. затты түзүүчү белүкчөлөрдүн кыймылы жана алардын өз ара аракеттенүүсү талдап изилденет.
  • Молекула физикасынын алгачкы калыптанган бөлүмү — газдардын кинетикалык теориясы. Ж. Максвеллдин (185860), Л. Болъцмандын (1868) жана Ж. Гиббстин эмгектеринин негизинде классикалык статистикалык фи­зика түзүлдү.
  • Молекулалардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндөгү түшүнүк капиллярдуу кубулуш теориясында өнүгө баштады. А. Клеронун (1743), П. Лапластын (1806), Т. Юнгдун (1805) ж. б. бул тармактагы класси­калык эмгектери беттик кубулуш теориясынын башталышы болду.
  • 20- кылымдын башталышында Молекула физикасы өзүнүн жаңы өсүш мезгилине кадам басты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.