Молибден

Wikipedia дан
Молибден.

Молибден (латын тилинен Molbdenium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VIВ группа элементи; к.н. 42 ат. м. 95,94. Жаратылышта 7 туруктуу изотобу бар: 92Мо; 94Мо; 95Мо; 96Мо; 97Мо; 98Мо; 100Мо. М. 1770-ж. П.Гьельм тарабынан МоО3 көмүр менен калыбына келтирүүдөн алынган:

MoO3 + 3C ® Mo + 3CO

М. жер кыртышында аз таралган элемент (м. боюнча 1×10-3 % түзөт). Жаратылышта 20 жакын минералдары кездешет, алардын ичинен эң маанилүүсү: молибденит– MoS2. Өнөр жайда мааниси чоң минералдары: повеллит – CaMoO4 ; молибдит – Fe 2(MoO4)3×H2O жана вульфенит - PbMoO4. М. - кыйындык менен эриген ачык боз металл, тыгызд. 10,2 г/см3 ; балкып эрүү температурасы 2620±10 оС; кайноо температурасы 4830оС; Кадимки температурада абада туруктуу. 400оС абада окистене баштайт, ал эми 600оС баштап тез окистенет МоО3 пайда кылат. М. бирикмелеринде +4 жана +6 окистенүү даражасын көрсөтөт. Суутек менен реакцияга кирбейт, фтор менен кадимки темп-рада, хлор менен 250оС аракеттенип, MoF6 менен MoCl5 пайда кылат. Алар таза М. алууда колдонулат. Күкүрт, суутек сульфиди менен сууда, туз к-тасында жана суюлтулган күкүрт к-тасында эрибеген MoS2 дисульфидди пайда кылат. М. ядролук реактор, генераторлор, электр жана радио техникалык лампаларын, рентген түтүктөрүн даярдоодо негизги конструкциялык материал болуп эсептелет. Өсүмдүк, жаныбар жана адам организминде микроэлемент катары азот алмашуу процессине катышат. (NH4)2MoO4 - медицинада, текстиль өнөр жайда жана боек өндүрүүдө кеңири колдонулат. М. сульфиди нефть өнөр жайда катализатор катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]