Молибден куймалары

Википедия дан

Молибден куймалары —хим. составынын негизин молибден түзүп, вольфрам, рений, цирконий, титан, ниобий ж. б. элементтер кошулган куймалар.

Молибден куймалары негизинен отко чыдамдуу конструкциялык материал ка­тары колдонулат. Молибден куймалары вакуумдук электр жаа мештеринде эритүү жолу менен алынат. Молибден куймаларынан жасалган тетиктер вакуумда 1800°Сге чейинки температурада көп убакытка, ал эми 2300— 2500°С темп-рада кыска мөөнөткө (5 мин) иштейт (чыдайт). Молибден куймаларынан жа­салган тетиктер 1100—1800°Сде иштей алат. Комуртек (0,4 %ке чейин) менен кошумча легирлөө аркылуу Молибден куймаларынын ысыкка чыдамдуулук касиетин 0,1—1,5% өлчөмдө Ti, Zr, Hf, Nb, V же аз өлчөмдө В, Сг, Ni, Та элементтери менен легирлөө аркылуу тех. касиетин (пластикалык деформацияга ийкемдүүлүгүн) жогорулатууга болот. Молибден куймалары ракетанын, учуучу аппараттын, атом реакторлорунун, электроникада жана техниканын башка тармактарында баалуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.