Молтоев Сулайман

Википедия дан

Молтоев Сулайман - 1901-жылы азыркы Сузак районунун Көк-Арт айылында туулган.

  • Атасы Молтойдун дүнүйө-оокаты Сулайманды арапча билим алууга мүмкүнчүлүк бергендиктен, кичинесинен тамга таанып калат.
  • Совет бийлиги орногондон кийин, Сулайман Көк-Арт айылында колхоз уюштурууга алгачкылардан болуп киришип, колхоздо ар кандай кызматтарды аркалайт.
  • 1933-жылы ыктыярдуу отрядка кызматка өтүп, Көк-Арт өрөөнү гана эмес, Өзгөн, Алайкуу, Ош, Алай тараптагы басмачыларга да каршы күрөшкөн.
  • Ошол жылдары Ликбезде да окуп, сабатын жойгон.
  • 1938-жылы айылына келип, ветеринар болуп кызмат кылган.
  • 1947-жылдан баштап, Кызыл-Октябрь колхозу, Октябрское айылындагы Красный Октябрь колхозуна кошулганга чейин, колхоздун төрагасы болуп иштеген.
  • Андан кийин колхоздо ар кандай кызматтарда иштеп, ОктябрКкое айылынын өнүп-өсүшүнө зор салымын кошкон.
  • 1988-жылы дүйнөдөн кайткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3