Мазмунга өтүү

Момункулова Кыркаяк

Википедия — ачык энциклопедия

Момункулова Кыркаяк (1923-2002) - жазуучу, акын. Токтогул районунун Акчий Кара-Суу айылында 1923-жылы 7-ноябрда туулган. 1933–1946-жж. Токтогул районунун В.И.Ленин атындагы толук эмес орто, И.В.Сталин атындагы орто мектептеринен билим алган.

1941–1943-жж. И.В.Сталин атындагы мектепте мугалим болуп иштеген.

1950-жылы Фрунзе мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетин бүтүргөн.

1951–1973-жж. Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими болуп иштеген.

Макалалары, ырлары республикалык гезит-журналдардын беттеринен жарык көрүп, 1997-жылы «Көл түбүндөгү Ата Мекеним» аңгемеси үчүн “Сорос Фондунун” сыйлыгын алган.

1946-жылы «1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согушта карман эмгеги үчүн», 1970-жылы В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Күжүрмөн эмгеги үчүн» юбилей медалдары менен сыйланган.

1964-жылы «Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги» болгон.

1998-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нургазы жөнүндө эскерүүлөр: Мемуар. - Б.: Элпек, 1996. - 24 б.

Эненин сөзү: Аңгемелер. - Б.: Элпек, 1997. - 64 б.

Өткөндүн элестери: Аңгемелер. - Б.: Элпек, 1998. - 32 б.

Ара булак: Ырлар, публицистикалар. - Б.: Элпек, 1999. - 128 б.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]