Мазмунга өтүү

Момушев Аскар

Википедия — ачык энциклопедия

Момушев Аскар Ат жабдыктарынын чебери. 1937-ж. Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында төрөлгөн.

Айыл чарба окуу жайын бүтүргөн. Кыйла жылдары чарбада башкаруучу болуп иштеген. Айтылуу усталар: Дыйкан уулу Абдыгалый, тосордук Токсон уулу Касым, айылдашы Борсук уулу Абдылда, кичи-жаргылчактык Жаманак, барскоондук агаинилер Турдумамбет, Мукамбеттердин нускаларын алган. Аскар ээр чабууну көк теректи бүрдөй электе кыйып келүүдөн баштайт. Көлөмүн болжолдоп чаап, сомдоп, эки айча көлөкөгө кургатат. Жарылып кетпеси үчүн жыгач желим сүйкөйт. Бүткөн ээрди уйдун же топоздун териси менен каптайт. Ээрди чабууда адегенде ат өркөчүн баспагандай кылып үстүн чаап алат. Эң аягында кашын чыгарат. Ээр чарасы үчүн чүпүрөктөн бычып алган үлгүсү бар. Ал өлчөм катары колдонулат да, эки түрдүү ээрдин чабылышына чакталат. Ээр чарасынын кездеме үлгүсү эки бүктөлгөндө тепетен болуп, көптүктү жана тактыкты сактап турат. Ээрдин бир актасы 45 см, арткы актасынын куюшкан бекитээр жери 11 см, өркөч үстү 16 см, мунун арты 21 см, жалпы алганда 36 см, асты 30 см, анын асты 19 см, чарасы 38 см, анын айланасы 32 смге барабар. Ээрдин кашынын моюну 16 см, каш башынан алдыңкы актанын учуна чейин 31 см болууга тийиш. Анын калыңдыгы 1,5 см, чарасынын калыңдыгы 1 смдей болот. Ээр кашы эки кулактан турат да, айланасы 15 смди түзөт. Аскар чапкан ээрдин ички бети 17 смден башталат да, бели (отуруучу ортосу) 15 смге барабар болот. Ээр бөлүктөрү так өлчөнөт. Чебер алардын өзүнчө схемаларын түзүп чыгат. Ээр көкүрөгүнүн калыңдыгы 4 см, кашынын моюнунун айланасы 17 смге өлчөнөт. Эр ээринин үч түрү боюнча узанат. Ал ат жабдыктарынын калган бөлүктөрүн кайып кармайт. Аларга: жүгөн, көмөлдүрүк, куюшкан, басмайыл жана камчы өңдүүлөр кирет да, буларды жүзөгө ашырууда өз өзүнчө ыкмаларды колдонот. Тердик, желдик, көрпөчө жана өрүмдү жубайы Момушева Аралкан кармайт. Натыйжада булар ат жабдыктарын түгөл кармап, атка токугудай даражага жеткиришет. Уста булгаарыга чабылуучу шөкөттөрдүн түспөлдөрүн өзгөртүүгө аракеттенүүдө. Ал сынпостун топчуларынын жердигин жезден тандап, ага өгөөлөө аркылуу көркөмдүк түшүрөт. Эски үлгүлөрдү негиз тутуп, ага чыгармачылыкта өзгөртүү киргизет. Эмгеги баттамада.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0