Монако

Wikipedia дан

Монако, Монако Княздыгы – Европанын түштүгүндө жайгашкан мамлекет. Түндүгүнөн, чыгышынан жана батышынан Франция менен чектешет. Түштүгүн Жер Ортолук деңиз чулгайт. Өтө кичине жана калкы жыш отурукташкан өлкөлөрдүн бири. Аянты 2,02 км2 (2008). Калкы 35,9 миң киши (2010). Борбору – Монако.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Административдик жактан 3 коммунага, ал 10 районго бөлүнөт. Расмий тили – француз тили. Акча бирдиги – евро. Монако – БУУнун (1993), ОБСЕнин (1973), Европа Кеңешинин (2004) мүчөсү. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – князь. Аткаруу бийлигин Өкмөттүк Кеңеш башында турган мамлекеттик министрлер ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Улуттук Кеңеш. Саясий партиялары: Монаконун келечеги үчүн улуттук союз, Князык үчүн союз Монако үчүн кыймыл, Монегасскилер партиясы. Монако Жер Ортолук деңиздин жээгинде, Франция менен Италиянын ортосунда, Европанын түштүгүндө жайгашкан. Эң бийик жери – Монт-Ажель чокусу (Бийиктиги 140 м). Климаты жер ортолук деңиздик.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкынын 1/5 бөлүгү монегаскилер, калгандары француздар жана италяндар. Расмий тили – француз тили, о. эле италян, англис, окситан тилдери да колдонулат. Католик динин тутат. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 16 620 киши (дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч). Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники – 74 жаш, аялдарыныкы – 82. Төрөлүүнүн (1000ге 10,6) жана өлүм-житимдин (1000ге 12,1) деңгээли орточо. M. аймагын байыртадан кельт уруулары мекендеген. Биздин заманга чейинки 1000 жыл мурда финикий, андан сон грек колониясы болуп, биздин замандын 1-кылымда Римге, 12-кылымдын аягында Ыйык Рим империясына, 1215-жылы генуялыктарга караган. 1297-жылдан Монакону Гримальди династиясы башкарган (700 жыл). 1524-1641-жылы испан монархиясына башийип, 1641-1814-жылы Францияга, 181561-жылы Сардиния королдугуна протекторат болгон. 1861-жылы Монако Франция протектораттыгынын чегинде көз карандысыздык статусун алып, Монте-Карлодо алгачкы казинону ачкан. 1865-жылы Франция менен бажы союзунун түзүлүшү өлкөдө экономиканын өнүгүшүнө түрткү болгон. Франция менен Монаконун ортосунда темир жол курулгандан кийин, ал комплекстин дүйнөгө атагы чыгып, 1868-жылдан Монаконун киреше булагына айланган. 1911-жылы кабыл алынган 1-конституцияда шайланма Улуттук Кеңеш (парламент) түзүлүп, Франция менен болгон мамилелерди бир канча макулдашуулар аркылуу ишке ашыруу маселеси каралган. 1959-жылы князь Ренье III (1949-жылдан бийликте) Улуттук Кеңешти таратып, 1962-жылы декабрда Монаконун экинчи конституциясын жарыялаган. Франция менен Монаконун ортосундагы мамиле 1963-жылы 18-майдагы макулдашуу боюнча жөнгө салынган. 2002-жылдан Франция менен Монаконун ортосунда түзүлгөн жаңы келишимге ылайык Монако өз алдынча мамлекет. Монакодо Европадагы эн кубаттуу радиостанциянын бири «Монте-Карло», эл аралык гидрография бюросунун, эл аралык туризм жана башка эл аралык көп уюмдардын штаб квартиралары жайгашкан. Мамлекеттин негизги кирешеси туризмден түшөт. Монако экономикасы жакшы өнүккөн өлкө. ИДПнин көлөмү 976 млн доллар (2006, АКШ), аны киши башына бөлүштүргөндө 30 миң доллардан туура келет (2010). Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 95,1%, өнөр жайдыкы 4,9%. Монако туризмдин дүйнөлүк борбору. Өлкө бюджетине Монте-Карлодогу казинолордон 4%, калган кирешенин баары чет өлкөлүк туризмден түшөт. Монаконун эли бардык салык түрүнөн бошотулган, бирок аларга казинолорго барууга тыюу салынган. 2005-жылы 716,3 кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Фармацевтика, косметика каражаттарын даярдоочу, полиграфия, карападан жана пластмассадан буюм жасоочу, саат, термостат өнөр жайы ишканасы иштейт. Белек-бечкектер даярдалат. Кеме куруу жана оңдоо орчундуу орунду ээлейт. Автомобиль жолунун уз. 50 км (2007; Порт Монако), темир жолунуку 1,7 км. Деңиз порту Эркюль (Кондамин районунда; круиз кемелерин кабыл алат). Дүйнөгө оюн-зоок казинолору, «Формула-1» спорттук автомобилдер жарышынын гран-приси менен даңкталат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]