Монгол илимдер академиясы
Монгол илимдер академиясы 1961-ж. түзүлгөн. Анда коомдук (тарых, тил жанa адабият, философия, социология, укук, чыгыш таануу исмтитуттары), биология жанa Жер жөнүндө илим (жалпы жанa эксперименттик биология, ботаника, география, геология), ошондой эле физика-математика жанa химия институттары иштейт.
Ил. китепкана, обсерватория, басмакана жанa «БНМАУын Шинжлэх ухааны академинн мэдээ» (1961-жылдап МЭР ИАнып кабары) журналы (3 айда бир) басылып чыгат. 1973-ж. МЭР ИАда 700дой ил. кызматкер иштеген. Академия чет өлкөлүк кесиптештери менен байланышта.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.