Монгол элдик революциясы

Википедия дан

Монгол элдик революциясы (1921) - Монгол элдик-революциясынын партиясынын (МЭРИ) жетекчилиги менен ишке ашкан эмгекчи малдын (араттардын) антифеодалдык революциясы.

Монгол элдик революциясынын натыйжасында өлкөдө элдик бийлиги орноп, монгол эли улуттук жана социалдык азаттыкка чыккан; капитализмди аттап өтүп, социализм курууга мүмкүнчүлүк алган. Элдин каршылык күрөшүн уюштурууда МЭРПтин түзүлүшү чечүүчү роль ойногон. Араттар­дын кыймылы Монголияны япон империализмине сүйөнгөн кытай милитаристтери м-п орус ак гвардиячылары басып алган кырдаалда башталган. 1921-ж. 1—3-мартта МЭРПтин 1-съездп партийный программасын кабыл алып, куралдуу көтөрүлүштүн багытын белгилеген. Ошо жылы февралда түзүлгөн партизан отряддары Монгол элдик армиясына (МЭА) биригип. баш командачылыгына Сухэ-Батор дайындалган. 13-мартта Убактылуу элдик өкмөт шайланган. 18- мартта Элдик армиянын бөлүктөрү кытай милитаристтеринен Маймачен (азыркы Алтан-Булак) шаарын, 1921-ж. 6-июлда Кызыл Армиянын бөлүктөрү менен бирге Монголиянын борбору — Урганы (азыркы Улан-Батор ш.) ак гвардиячылардан бошоткон. 1921-ж. 10-июлда туруктуу Элдик өкмөт түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.