Мониезиоз

Википедия дан

Мониезиоз (Monieziosis), түйнөк – кепшөөчү малдын (уй, кой, эчки, төө жана башкалар) инвазиялуу ылаңы. Ылаңды тасма мите курттар – Moniezia expansa(уз. 1–5 м) жана Moniezia benedeni (уз. 1-4 м) пайда кылат. Булар ичегинин ички бетине жабышып алып, мителик кылышат. Бир эле куртта аталык жана энелик урук бездери болот. Ылаң мониезиоз таратуучу гельминт жумурткалары бар кенелерди мал чөп-чар менен кошо жеп алганда пайда болот. Айрыкча жаш козулар көп ылаңдайт. Кыргыздар бул ылаңды түйнөк деп аташат. Ылаңдаган мал чычкактайт, жакшы оттобойт, арыктай баштайт, ичи көбөт, дене-бою тырышып, баса албайт. Дарылоо: малдын жашына жараша көк таштын суудагы 1%түү эритиндисин (1-1,5 айлык козуларга 1520 мл, 5-6 айлык козуларга 40-45 мл жана чоң койлорго 80-100 мл) берүү, о. эле фенесал жана мышьяктын калай кычкылы кенири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]