Моноклин системасы

Википедия дан

Моноклин системасы - кристаллдардын төмөнкү категориядагы системасынын бири.

Бардык крис­талл заттардын 32 класс симметриясы бар. Мүнөздүү симметрия элементтеринин болушуна карата бул 32 класс 7 системага бөлүнөт, (Кристаллдар).

Моноклин системасына симметриянын 3 туүрү же кристаллдардын 3 классы ки­рет:

  • 1) октуу диэдр — экинчи даражадагы бир уюл огу бар. Бул класстагы кристаллдарга сахароза, лакто­за, камфара ж. б. кирет;
  • 2) оксуз диэдр — бир симметриялуу тегиздиги бар кристалл (мис., натрийдин сили­каты, сколецит ж. б.);
  • 3) ромб-призмалуу — экинчи даражадагы бир огу, бир тегиздиги жанa симметрия борбору бар. Мис., сода, сульфит, бура, нафталин ж. б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.