Монументтик пропаганда (үгүт)
Монументтик пропаганда (үгүт) – эл массасын социализмдин рухунда тарбиялоо жана революциялык идеяларды жайылтуу үчүн республиканын шаарларында скульптуралык монументтерди, эстелик, мемориалдык такталарды куруу боюнча Совет өкмөтүнүн иш-чаралар системасы. М. п. В. И. Лениндин демилгеси боюнча ал иштеп чыккан план менен, анын такай көзөмөлүндө Совет өкмөтүнүн атайын токтомдорунун негизинде ишке ашырылган. 1918-жылы 14–апрелде жарыяланган. Совнаркомдун «Падышалар менен анын кызматчыларынын урматына орнотулган эстеликтерди алып салуу жана Октябрь Социалисттик Революция эстеликтеринин долбоорун иштеп чыгуу боюнча» декрети М. п-нын башаты болгон. Бул ишке бүт советтик скульпторлор тартылган. Эстеликтердин долбоорлорун атайын көргөзмөлөр аркылуу элдин назарына алып чыгышкан жана массалык суроо-жооп, элдик референдумдар уюштурулган. Ал эми эстеликтер убактылуу материалдарда (гипс, бетон) жасалган. Алардын ачылыштарына көп эл катышкан, митингдер өткөрүлгөн, көп учурда В. И. Ленин сөз сүйлөгөн. 1918–1920-ж. аралыгында көбүнчө Москва менен Петроградда революция ишмерлерине, окумуштууларга, жазуучуларга ондогон эстеликтер ачылган. Бирок бул эстеликтер убактылуу материалдардан жасалгандыктан, алардын бир азы гана сакталып калган. М. п. планынын тарыхый мааниси чоң. Ал жетекчиликке алган идеялар бир эле өз мезгили үчүн маанилүү болбостон, жалпы советтик көркөм искусствосундагы башкы багыт болуп, анын негизги өзөгүн түзгөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004