Монцонит

Википедия дан

Монцонит (Италиядагы Монцони тоосунун атынан) — составы калий жанa аки таш-натрийлүү талаа шпаттары (ортоклаз жанa лабрадор) менен пироксенден турган кристаллдуу маг­ма тоо теги.

Кычкыл Монцонитте аз санда кварц, ал эми негиздүү түрүндө оли­вин кездешет. Хим. составы жанa касиети боюнча сиенит менен габбронун ортосунда. Ошондуктан аны габбро-сие­нит деп да атайт. Монцонит курулуш мате­риалы катары колдонулат (жылмалаганда — кооз).

Монцонит кени (Уралда, Байкалдын батыш жээгинде), Италияда, Норвегияда бар.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.