Моонзунд архипелагы

Википедия дан
Моонзeнд архипелагы‎»‎ барагынан багытталды)
Моонзунд архипелагы.

Моонзунд архипелагы, Батыш Эстон архипелагы - Балтика деңизиндеги аралдар тобу. Рига булуңунун түндүк-батыш тарабында; Эстонияга карайт. Жалпы аянты 4000 км2 болгон 500дөн ашуун аралдан турат; ири аралдары: Сааремаа, Хийумаа, Муху, Вормси. Аралдары негизинен акиташ тектеринен туруп, айрым жерлери мөңгү жана деңиз чөкмөлөрү менен капталган. Жээктери булуң-буйткалуу; Жеринин бети түзөң (Бийиктиги 54 мче). Көлү көп. Коруктары: Вийдумяэ, Вильсанди. Климаты мелүүн жылуу, кышы жумшак (январдын орт. температурасы –4˚С), жайы жылуу (июлдуку 17˚С); жылдык жаан-чачыны 550 ммдей. Аралдардын басымдуу бөлүгүн токой массивдери менен кезектешип жаткан шалбаа ээлейт. Жээктеринде кызыл карагайлуу кум дөбөлөрү (дюналар) мүнөздүү. Чымдак-карбонаттуу жана саз топурактары мүнөздүү. Балык уулоо, дыйканчылык жана мал чарбасы өнүккөн. Ири шаары – Курессаре.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]