Моралдык зыянды калыбына келтирүү
Көрүнүш
Моралдык зыянды калыбына келтирүү – жарандык укукта материалдык эмес жыргалчылыктарды коргоонун ыкмаларынын бири. Эгер жаранга таандык жыргалчылыктарга кол салуу аракеттери менен зыян келтирилсе (денеге жана адеп-ахлактык азаптануулар), болбосо анын мүлктүк эмес укуктарын бузган жана башка мыйзамда каралган учурларда сот бузуучуну көрсөтүлгөн зыянды акчалай же башка материалдык компенсациялоого милдеттендирүүсү мүмкүн. КР жарандык мыйзамдарда каралган учурларда моралдык зыян юридикалык жакка да калыбына келтирилиши ыктымал.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7