Мордвалар

Википедия дан

Мордвалар – Мордовиянын жерг. калкы, финн-угор элдери. Россияда (44,2 миң), Мордовияда (333,1 миң, 2010), ошондой эле Башкырт, Татар, Чуваш Республикасында, Самара, Пенза, Оренбург, Ульянов, Нижегород, Саратов облусунда, Сибирь жана Ыраакы Чыгышта, Казакстан, Украина, Өзбекстанда да жашашат. Жалпы саны 744,2 миң киши (2010). Мордвалар эрзя жана мокша субэтностук тобуна бөлүнөт. Эрзялар Мордовиянын чыгыш, мокшалар батыш жана Түштүк райондорунда жашайт. Мордвалардын теньгушев жана каратайлар деген этногр. топтору бар. Мокша, эрзя жана орус тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – православныйлар. Мордвалардын түпкү теги – финн-угор уруулары биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 2-жарымында Ока, Волга, Сура жана Мокша дарыясынын боюнда жашаган. Мордвалар этноними алгач 6-кылымда эскерилген. Мордвалар байыртан эле славян жана түрк элдери менен тыгыз байланышта болгон. 15-кылымдын аягында Мордвалар Орус мамлекетинин курамына ыктыярдуу кошулган. Негизги кесиби – дыйканчылык жана мал чарбачылык. Аялдардын салттуу кийимдери негизинен саймаланган, ак түстүү кендир көйнөк, алды туюк тигилген, халат тибиндеги сырт кийим. Металл, монета, шуру жана башкалар. кооздуктар колдонулган. Эркектердин салттык кийимдери – ак түстүү жакасыз кендир көйнөк, ыштан, кафтан. Тамак-ашы – негизинен дан, эт азыктары. Суусундук катары пуре (балдан), брага, квас кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]