Нонна Мордюкова

Википедия дан
Мордюкова Нонна Викторовна‎»‎ барагынан багытталды)

Мордюкова Нонна Викторовна ((Ноябрина) 27. 11. 1925, Донецк облусу, Константиновка айылы – 9. 7. 2008, Москва) – орус актрисасы. СССР эл артисти (1974). 1954-жылы ВГИКти бүткөн. Студент кезинде «Жаш гвардия» фильминде Ульяна Громованын ролун ойноп (1948, СССР мамлекеттик сыйлык, 1949), көрүнүктүү романтикалык образды жараткан. Мордюкованын чыгармачылыгында чыныгы орус аялынын салттуу жана заманбап чыныгы мүнөзүн кинодо көркөмдөп ачып берген: Глафира («Журавушка», 1969), Угрюмова («Орус талаасы», 1972), Матрёна («Сормо», 1978). «Туугандар» (1982) фильминде Мария Коновалованын ролун комедиялык образда жеткиликтүү ойногон. М. курч мүнөздөгү ролдорду да жараткан: соодагер аял Белотелова «Бальзаминовдун үйлөнүүсү» (1965), Плющ («Жакут кол», 1969), Миша байке («Экөө үчүн вокзал», 1983). «Түнөргөн таң», «Согуш жана тынчтык», «Алар Мекен үчүн салгылашкан» фильмдеринде актриса чеберчилик жөндөмдүүлүгү ачылган. РСФСР мамлекеттик сыйл. алган (1973) «Кимдин кимдиги» («Кто есть кто» энциклопедиясынын, Лондон) редакциялык кеңеши актрисаны 20-кылымдын 10 мыкты актрисанын катарына кошкон (1992).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]