Морена рельефи
Көрүнүш
Морена рельефи – мөңгүнүн аракетинен пайда болгон аккумуляциялык рельеф. Түздүктөрдө моренадан пайда болгон дөңсөө-чуңкурдуу рельеф, жал сымал же өңгүл-дөңгүлдүү морена түздүктөрү, дөбөлүү аяккы мореналуу кырлар, друмлин (узатасынан кеткен анча бийик эмес дөбөлөр) болот. Плейстоцен муз каптоосуна дуушар болгон тоо өрөөндөрүндө Морена рельефи, адатта, жээк мореналарынын ар түрдүү формаларынан, аяккы мореналардын кырларынан жана дөңсөөлүү Морена рельефинен турат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7