Морозов Алексей Викторович
| Туулган датасы |
26 -сентябрь 1974 (51 жаш) |
|---|---|
| Туулган жери | |
| Жанры |
заманбап искусство |
| Мектеби | |
| www.morosovart.com | |
Алексей Викторович Морозов — (26-сентябрь, 1974 — жыл, Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР) - заманбап сүрөтчү, скульптор, архитектор. Ал Кыргызстанда туулуп, Россияда окуп, 2010-жылдардан бери Италияда жашап, иштеп келет. Россия көркөм сүрөт академиясынын мүчө-корреспонденти[1][2].
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алексей Морозов 1974-жылы 26-сентябрда Кыргыз ССРинин борбору Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаарында туулган. 1991-жылы Фрунзе мамлекеттик политехникалык институтунун архитектура факультетине окууга кирип, бирок көп өтпөй окуусун таштап, Орусияга көчүп кеткен. 1992-жылы Санкт-Петербургда өткөн заманбап искусствонун II Биенналесинде Гран-при сыйлыгынын ээси болгон. 1994-1999-жылдары В. И. Суриков атындагы Москва мамлекеттик академиялык көркөм институтунда (МГАХИ) билим алган.
МГАХИде Морозовду академиялык мектеп кызыктырып, ал Лев Кербелдин скульптура өнөрканасына кирген. Ал жерде белгилүү чыгармачыл династиянын үчүнчү муунунун өкүлү - сүрөт боюнча ассистент Гуго Манизерден да сабак алган. Кербель менен Манизер жаш скульптор үчүн жөн гана мугалим эмес, насаатчы жана жакын адамдардан болуп калышты. Кийинчерээк Морозов өз чыгармачылыгында бул салттуулуктун жана муун алмашуунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеген[3][4]. 1999-жылы ал окуусун "Ultima Ratio" аттуу дипломдук иши менен аяктаган[5][1].
Окууну бүткөндөн кийин Морозов бир жылга жакын Прованста (Франция) жашап, ал жерде XVI–XVIII кылымдардагы француз скульптурасын изилдеп, терракота (бышырылган чопо) менен иштөө боюнча тажрыйба топтогон[6][7][8][9]. Россияга кайтып келгенден кийин, ал Көркөм өнөрдүн жаңы академиясынын негиздөөчүсү Тимур Новиков менен жакын болгон. Морозов бул Академиянын мүчөсү болбосо да, Георгий Гурьянов жана Егор Остров менен бирге "Жаңы олуттуулар" (Новые серьёзные) чыгармачыл кыймылына кирген[10].
Неоакадемисттер менен болгон бул жакындык Морозовдун көркөм практикасында чагылдырылган. Бирок искусство таануучулар анын антикалык маданияттын коддоруна алда канча терең жана олуттуу мамиле кылганын белгилешкен[11][12][13][12][14]
Морозовдун айтымында, так ушул Новиков 2002-жылы аны алгачкы олуттуу көргөзмөсүн өткөрүүгө көндүргөн[4]. Ошондон кийин анын Россияда жана чет өлкөлөрдө жигердүү көргөзмө ишмердүүлүгү башталган[8][15][16].
2011-жылы Орус музейинин Мрамор залында анын алгачкы персоналдык "Antologia" аттуу музейдик көргөзмөсү өтүп, анда 10 жыл ичинде жаралган 60ка жакын эмгеги коюлган[3][17]. Бул долбоордун негизги идеясы катары "Pax Romana" (Рим тынчтыгы) концепциясы алынган - бул доор заманбап батыш цивилизациясынын пайдубалы болгон грек-рим маданиятынын бекемделишине шарт түзгөн узакка созулган тынчтык мезгили болуп саналат[15][14].
2006-жылдан бери Морозов убактысынын көбүн Италияда өткөрүп, ал жерде Апуан мрамору менен иштөөнү үйрөнгөн. Ал өзүнүн колодон жасалган скульптураларын италиялык өнөрканаларда гана куят. Жалпысынан, Морозовдун бүткүл чыгармачылыгы италиялык визуалдык маданияттан шыктанган. 2010-жылдардын ортосунда скульптор Италияга биротоло көчүп барып, Лукка шаарынын тургуну болуп калган[3][18].
Чыгармачылыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Морозовдун чыгармачылыгында фундаменталдык мектеп чоң роль ойнойт: ал академиялык сүрөт тартууну жана май боёк живописинин техникасын мыкты өздөштүргөн, композицияны жана анатомияны терең билет, ошондой эле деталдарга жана аткаруу техникасына өзгөчө көңүл бурат[6][9][19][20][12].
Морозов өз интервьюларында эскиздерди, живописти жана моделдерди өзү жасап, колону өзү иштетип, патина (түс берүү) менен каптай турганын айткан. Ал эми жардамчыларын жалгыз аткарууга мүмкүн болбогон иштерге гана тартат[21]. Скульптор органикалык формаларды кол менен моделдесе, органикалык эмес формаларды үч өлчөмдүү моделдөө программаларында, атап айтканда, ZBrush программасында жасайт[4].
| Ал эллинизмдин (кеңири мааниде) жашоого болгон мамиле катары эмне үчүн мынчалык туруктуу экенин билгиси келет. Жыйынтыгында Морозов өз чыгармачылыгы менен классикалык формалар өлбөгөнүн, антикалык архетиптер заманбап контекстке төп келерин, ал эми каада-салт менен инновациялар бири-бири менен айкалышып жашай аларын далилдеп келет. Көпчүлүк сүрөтчүлөр үчүн грек-рим классикасы -бул канон же постмодернисттик шилтеме, ирония жана оюндун предмети гана. Ал эми Морозов башкача мамилени көрсөтөт. Ал антикалык доорду өзү аркылуу кайрадан өткөрүп, аны кайрадан сезет. Александр Боровский, Орус музейиндеги Antologia көргөзмөсүнүн куратору, 2011 |
Морозовдун эмгектеринин туруктуу каармандары -жанданып келген антикалык скульптуралар, коралар, куросдор жана кариатидалар. Ал бул каармандарга заманбап адамдын коркууларын жана манияларын берет[8][19][13][22][23].
Скульптор өз долбоорлорун өздүк "Мета-ааламдын" дүйнөлөрү катары сүрөттөйт; андагы каармандар супербаатырлар тууралуу комикстердегидей бир дүйнөдөн экинчисине өтүп турушат (ал комикс жанрын заманбап маданияттын маанилүү бөлүгү деп эсептейт жана аларды коллекциялайт). Морозовдун көптөгөн иштеринде "кыйкырык" мотиви кайталанат - бул агрессиясыз, эмоциясыз кыйкырык, ал жалгыздыктан, меланхолиядан жана үмүтсүздүктөн чыгуу үчүн жасалган зор күч-аракетти билдирет[4][24][25].
Морозовдун көркөм көз карашында палеолит, неолит (адамзаттын негизги мифтери калыптанган мезгил), Агартуу доору, заманбап постиндустриалдык доор же келечектин материалдык мурастары бирдей баага ээ. Ошондуктан анын иштеринде булар чогуу жашап, бири-бири менен синергияда болот[3][26]. Футуристикалык курал-жарактар менен жабдылган коралар жана куросдор постапокалиптикалык дүйнөдө конвертоплан-куштар жана ракета кыймылдаткычтары бар сиреналар менен коңшу жашашат[14][12][13].
Скульптор өткөн чак менен азыркы чактын артефакттарынын окшоштугун белгилейт. Мисалы, анын иштеринде сегвейдин (segway) пайда болушуна - андагы адамдын турушу менен пропорциялары антикалык "бигага" (эки ат чегилген эки дөңгөлөктүү арабага) укмуштуудай окшоштугу себеп болгон[4].
Долбоорлору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Pontifex Maximvs
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Морозов Pontifex Maximvs (түзмө-түз латын тилинен которгондо «Улуу көпүрө куруучу») концепциясын 2011-жылы иштеп чыккан. Бул - «көпүрө» бир эле учурда инженердик курулуш жана заманбап дүйнөдөгү байланыштардын (классикалык жана заманбап искусствонун, өткөн чак менен азыркынын, Чыгыш менен Батыштын ж.б. ортосундагы) архетиби катарfы кызмат кылган глобалдык инсталляция[2][27][28]. Долбоордогу «көпүрөнү реконструциялоо» процесси - бул жаңыланууну талап кылган дүйнөнү кайра куруу дегенди түшүндүрөт. Морозов бул долбоорду сүрөт өнөрү менен архитектуранын тогошкон жери катары сыпаттаган[4][29][30][31][32].
Долбоордун толук версиясы 2016-жылы Неаполдун Улуттук археологиялык музейинде көрсөтүлгөн. Анда Морозовдун 30дан ашык эмгеги музейдин жыйнагындагы Помпей, Геркуланум жана Пестумдун артефакттары менен "айкалыштырылган"[22][33][29][30][31]. Бул көргөзмө Италиянын Маданий мурастар министрлигинин колдоосу астында Неаполь музейи менен Москва заманбап искусство музейинин (ММОМА) биргелешкен долбоору болгон. Бул долбоор Европанын иденттүүлүгүн изилдеген Морозовдун трилогиясынын биринчи бөлүгү болуп калды[9][22][32][34]. 2017-жылы долбоор Москвадагы MMOMA көргөзмөсүндө көрсөтүлгөн[35]. Неаполь жана Москвадагы көргөзмөлөрдүн кураторлору Алессандро Романини жана Кристина Краснянская болгон[36][2][27][27][37].
La Rondine
[түзөтүү | булагын түзөтүү]La Rondine (итал. «Карлыгач») долбоору Жакомо Пуччининин операсынын урматына аталган жана 2018-жылы Лукка шаарында сунушталган. Бул мультидисциплинардык долбоордо Морозов жазуучу Николай Лилин жана композитор Федерико де Робертис менен бирге Пуччининин операсын - анын сценографиясын, текстин жана музыкасын жаңыча иштеп чыгышкан[38][39][37].
Морозов башкы каарман Магданын образы аркылуу аялдын тарыхый эс тутумун жана иденттүүлүгүн, руханий саякат жана кайра жаралуу темасын талдап, Чеховдун «Чайкасы» менен параллель жүргүзгөн. Окуя IX-X кылымдардагы Түндүк Европадагы норманндардын жортуулдары доорунда өтөт. Каррара мрамор карьерлеринин образдары аркылуу сүргүнгө айдалган жана жапа чеккен адамдардын тагдырына, коллективдүү травмаларга ишарат жасалган[40][41][42][4].
Exodus
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Морозовдун Европанын жалпы маданий тамырларын издөөгө арналган трилогиясынын экинчи бөлүгү - Exodus (англ. «Чыгуу» / «Көч») деп аталат. Бул ири персоналдык көргөзмө 2024-жылдын июнь-октябрь айларында Пиза шаарында өткөн[39]. Инсталляция Пизанын эң маанилүү тарыхый эстеликтерин -Палаццо Коммунале, Санта-Мария делла Спина чиркөөсү, Палаццо Блу жана атүгүл атактуу Пьяцца деи Мираколи (Кереметтер аянты) аймагын камтыган[43][2][44].
Морозов «Чыгуу» темасын цивилизациянын жаңы баскычка өтүүсү, миграция жана иденттүүлүктү издөө катары аныктаган. Көргөзмөнүн түзүмү адамзаттын байыркы доордон азыркы учурга жана убакыттын акырына чейинки жолун чагылдырган маршрутту түзгөн[37][2][44][45].
Manuport
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Трилогиянын пландалган үчүнчү бөлүгү Manuport (лат. «кол» жана «алып жүрүү») деп аталат. Археологияда бул термин адам тарабынан табигый чөйрөсүнөн алынып, эч кандай өзгөртүүсүз (мисалы, искусство чыгармасы катары) колдонулган табигый объектти түшүндүрөт. Морозов бул аталышка искусствону «кайрадан ачуу» идеясын камтыган[4].
Башка эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Морозов, Москва көркөм театрынын (МХТ) негиздөөчүлөрү Константин Станиславский менен Владимир Немирович-Данченконун эстелигинин скульптору жана архитектору. Бул монумент Тверь көчөсү менен Камергер көчөсүнүн кесилишинде, театрдын кире беришине орнотулган. Эстеликтин үстүнөн иштөө Италияда эки жыл бою жүргөн: скульптуралык топ Пьетрасанта шаарында колодон куюлуп, ал эми постаменти Веронада боз фин гранитинен жасалган. Театрдын негиздөөчүлөрүнүн фигуралары антикалык курмандык чалынуучу жайга таянып турат, анда латын тилинде: Homines, leones, aquilae et perdices, cervi cornigeri… («Адамдар, арстандар, бүркүттөр жана чилдер, мүйүздүү бугулар...») деген жазуу бар. Бул Антон Чеховдун «Чайка» пьесасындагы Нина Заречнаянын монологуунун башталышынын котормосу. Эстеликтин ачылышы 2014-жылдын сентябрында өткөн[16][46][47][48][49][4].
2025-жылдын февраль айында Римдин Париоли районундагы Вилла Грациоли (Villa Grazioli) паркында кыргыз жазуучусу, журналист жана ойчул Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулган[50]. Морозов тарабынан жасалган бул эстелик классикалык римдик скульптуранын элементтерин жана визуалдык деконструкцияны айкалыштырат. Ал ак каррара мраморунан жасалып, Тиволиден алынган травертин постаментине орнотулган[51]. Эстеликтин үстүнөн иштөө бир жылга жакын убакытты алган. Морозовдун ою боюнча, бул эстелик тоо чокусун символдоштурат жана бул Айтматовдун инсандык масштабынын, анын улуттук маданиятка кошкон салымынын метафорасы жана жазуучу үчүн негизги тема болгон адам менен жаратылыштын ортосундагы мамиленин чагылдырылышы болгон[5]
Ошондой эле Морозов 2016-жылдагы Лукка эл аралык кинофестивалынын «Эң мыкты көркөм фильм», «Эң мыкты кыска метраждуу фильм» жана «Искусствого кошкон салымы үчүн» номинацияларынын сыйлыктарынын (статуэткаларынын) автору[52][53].
Педагогикалык жана коомдук ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Морозов, Россия көркөм сүрөт академиясынын (РАХ) мүчө-корреспонденти (2013-жылдан бери) жана 2013–2017-жылдары аталган академиянын президиумунун мүчөсү болгон[1]. Бул мезгилде скульптор ошондой эле 1905-жылдын элесине арналган Москва мамлекеттик академиялык көркөм окуу жайын (2016-жылы Москва академиялык көркөм окуу жайы – МАХУ деп өзгөртүлгөн) жетектеген[4]. Анын жетекчилиги астында окуу жайда реконструкция жүрүп, жаңы скульптура бөлүмү ачылган, анатомия кафедрасы түзүлгөн жана студенттер үчүн Италияда практика өтүү программалары киргизилген[8][54][55].
Көргөзмөлөрү жана коллекциялары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Морозовдун ачык жана жеке көргөзмөлөрү Санкт-Петербург, Москва, Сингапур, Лондон, Париж, Верона, Пьетрасанта, Стамбул, Неаполь жана Пиза шаарларында өткөн[44]. Анын эмгектери Sotheby's, Christie's жана Phillips сыяктуу дүйнөлүк аукциондордо сатылган. Скульптордун иштери Мамлекеттик орус музейинин, Көркөм өнөрдүн жаңы академиясынын музейинин жыйнактарына, ошондой эле ири корпоративдик жана жеке коллекцияларга кирген[3][56][57][58]. Морозов The Art Newspaper Russia басылмасы тарабынан 2016 жана 2021-жылдары түзүлгөн "Эң кымбат бааланган орус сүрөтчүлөрү" рейтингине кирген эң жаш автор болуп калды[59][60].
Булак
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1 2 3 Сайт Российской академии художеств. Текшерилген күнү 18 -июнь (кулжа) 2026. Түп булактан архивделген күнү 2 -ноябрь (жетинин айы) 2022.
- 1 2 3 4 5 Henry Ballate. “Exodus” by Alexey Morosov at Santa Maria della Spina. Art-Solido (26 -август (баш оона) 2024).
- 1 2 3 4 5 Екатерина Краюхина. «Ни деньги, ни известность не сделают из вас художника, если в сердце нет любви к искусству»: Алексей Морозов — о карьере за рубежом. Buro. (25 -сентябрь (аяк оона) 2024).
- 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 Михаил Косолапов. Алексей Морозов: «Леттеринг в граффити — это новая монументалистика». The Art Newspaper Russia (17 -октябрь (тогуздун айы) 2024).
- 1 2 Елена Булдакова. В Риме открыт первый в Европе памятник Чингизу Айтматову. Planet 360 (1 -март (жалган куран) 2025).
- 1 2 Биография Алексея Морозова на сайте Российской академии художеств. Текшерилген күнү 18 -июнь (кулжа) 2026. Түп булактан архивделген күнү 13 -сентябрь (аяк оона) 2017.
- ↑ Елена Серветтаз. Antologia – проект Алексея Морозова в Русском музее с французским акцентом. Radio France Internationale (22 -декабрь (бештин айы) 2011).
- 1 2 3 4 Анна Толстова. Алексей Морозов возглавит Училище памяти 1905 года. Коммерсантъ (22 -июль (теке) 2013).
- 1 2 3 Кара Мискарян. Античность как миссия. The Art Newspaper (22 -сентябрь (аяк оона) 2014).
- ↑ Дмитрий Буткевич. «Радостно узнать о проекте российского скульптора в итальянской Пизе». Ъ FM (26 -сентябрь (аяк оона) 2024).
- ↑ Tiphaine Annabelle Besnard (2021). "Neo-neo Art in the making — Analyses of a globalised phenomenon". CLARA (2). https://journals.uio.no/CLARA/article/view/9645.
- 1 2 3 4 Мария Семендяева. Античность на сигвеях. Артхроника (11 -декабрь (бештин айы) 2011).
- 1 2 3 Арсений Штейнер. Античные утопии. Газета.ru (27 -декабрь (бештин айы) 2011).
- 1 2 3 Описание выставки Алексея Морозова Antologia на сайте о росскийском искусстве Russian Art+Culture (9 -январь (үчтүн айы) 2012).
- 1 2 Проект Алексея Морозова «Antologia» в Русском музее. Artinvestment.ru (2 -январь (үчтүн айы) 2012).
- 1 2 В Камергерском переулке откроют памятник Станиславскому и Немировичу-Данченко. Информационное агентство InterMedia (31 -август (баш оона) 2014).
- ↑ Alexey Morozov. The State Russian Museum (2011).(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ Exodus. Spread exhibition in Pisa - Extended until 13 October 2024. Comune di Pisa.
- 1 2 Александр Боровский (2011). "Прощай, оружие!". In под общей ред. Веры Казариной. Алексей Морозов: Antologia. СПб.: Palace editions. pp. 7—11. ISBN 978-5-93332-395-2.
- ↑ Мария Савельева. Митра убивающий быка. Museum.ru (6 -февраль (бирдин айы) 2003).
- ↑ Освободить человека для творчества. Архплатформа (6 -март (жалган куран) 2017).
- 1 2 3 Анастасия Петракова. Русская скульптура в Неаполе. The Art Newspaper (28 -июнь (кулжа) 2016).
- ↑ Вера Гиренко. В Мраморном дворце на выставке Алексея Морозова «Antologia» переосмысливают влияние эллинизма. Искусство ТВ (16 -декабрь (бештин айы) 2011). Текшерилген күнү 18 -июнь (кулжа) 2026. Түп булактан архивделген күнү 9 -май (бугу) 2017.
- ↑ Ступин Сергей Сергеевич (2020). "Антропологические аспекты языка искусства". Художественная культура (3). https://cyberleninka.ru/article/n/antropologicheskie-aspekty-yazyka-iskusstva.
- ↑ Анастасия Петракова. Русская скульптура в Неаполе. The Art Newspaper Russia (28 -июнь (кулжа) 2016).
- ↑ "Exodus", gli archetipi dello scultore Alexey Morosov in piazza dei Miracoli. Art Vibes (23 -июнь (кулжа) 2024).
- 1 2 3 Максимиллиан Фомичев. «Для занятий искусством необходимы время и свобода»: интервью с художником Алексеем Морозовым. Now. (30 -сентябрь (аяк оона) 2024).
- ↑ Ginevra Bria. Alexey Morosov: Contemporary Classics. Aesthetica (8 -август (баш оона) 2016).
- 1 2 Мария Москвичева. Гостей 6-й Московской биеннале встретит мертвый Маяковский. Московский комсомолец (22 -сентябрь (аяк оона) 2015).
- 1 2 Lorenza Pignatti. Alexey Morosov, Pontifex Maximus in Museo Archeologico di Napoli. ATP Diary (20 -июнь (кулжа) 2016).
- 1 2 Paul Giulierini, Marco De Gemmis. Заметка о выставке Алексея Морозова Pontifex Maximvs на сайте Министерства культурного наследия, культурной деятельности и туризма Италии (итал.).
- 1 2 Алексей Морозов. PONTIFEX_MAXIMVS/LE STANZE. ММОМА (8 -август (баш оона) 2016). Текшерилген күнү 18 -июнь (кулжа) 2026. Түп булактан архивделген күнү 29 -январь (үчтүн айы) 2017.
- ↑ Описание выставки Алексея Морозова Pontifex Maximvs в интернет-издании The Art Newspaper Russia (24 -сентябрь (аяк оона) 2015). Текшерилген күнү 18 -июнь (кулжа) 2026. Түп булактан архивделген күнү 3 -июнь (кулжа) 2017.
- ↑ Ginevra Bria. Alexey Morosov: Contemporary Classics (англ.). Aesthetica (8 August 2016).
- ↑ Алексей Морозов. PONTIFEX_MAXIMVS/LE STANZE. ММОМА (2017).
- ↑ Antonello Tolve. Classicità apocalittica. Alexey Morosov a Napoli. Arttribune (30 -июль (теке) 2016).
- 1 2 3 «По своей природе я никогда не оглядываюсь на правила, как и в своем творчестве» — Алексей Морозов. Art Flash (10 -февраль (бирдин айы) 2024).
- ↑ Puccini & Friends: Alexey Morosov. Made in Pietrasanta.
- 1 2 Teobaldo Fortunato. La poetica contemporanea di Alexey Morosov in mostra a Pisa. The Way (5 -июнь (кулжа) 2024).
- ↑ La Rondine / Prologo. Alexey Moroso, Nicolai Lilin, Federico De Robertis. Arte.it (1 -декабрь (бештин айы) 2018).
- ↑ La “Rondine” riletta da Morosov e De Robertis. Il Tirreno (29 -ноябрь (жетинин айы) 2018).
- ↑ Nicolai Lilin e Alexey Morosov: Outsiders, avanguardia artistica tra Russa e Italia. ilGiornaleOFF (1 -декабрь (бештин айы) 2018).
- ↑ Авторский художественный проект Алексея Морозова «Exodus» в Италии. Российская академия художеств (2024).
- 1 2 3 Il viaggio dell'umanità dalle origini al presente: 'Exodus' di Alexey Morosov in città. Pisa Today (22 -июнь (кулжа) 2024).
- ↑ Valentina Muzi. Le passeggiate estive per scoprire Pisa attraverso l’arte contemporanea. Arttribune (4 -август (баш оона) 2024).
- ↑ В Москве открылся памятник Станиславскому и Немировичу-Данченко. Общественное телевидение России (3 -сентябрь (аяк оона) 2014).
- ↑ МХТ открыл сезон и памятник. Аргументы недели (11 -сентябрь (аяк оона) 2014).
- ↑ Памятник Станиславскому и Немировичу-Данченко заложат в центре Москвы. Вечерняя Москва (25 -март (жалган куран) 2014). Текшерилген күнү 18 -июнь (кулжа) 2026. Түп булактан архивделген күнү 27 -март (жалган куран) 2014.
- ↑ Мария Раевская , Виктория Филатова. Театральный бог любит троицу: МХТ открыл памятник своим основателям. Вечерняя Москва (3 -сентябрь (аяк оона) 2014). Текшерилген күнү 18 -июнь (кулжа) 2026. Түп булактан архивделген күнү 7 -май (бугу) 2017.
- ↑ Monument to Kyrgyz Writer Chingiz Aitmatov Unveiled in Rome. The Times of Central Asia (3 -март (жалган куран) 2025).
- ↑ Открытие монумента Чынгызу Айтматову в Риме: символ дружбы народов (видео). Eurasia Today (6 -март (жалган куран) 2025).
- ↑ Описание выставки Алексея Морозова Pontifex Maximvs на сайте гида по современному искусству My Art Guides.
- ↑ Annunziato Gentiluomo. Lucca Film Festival e Europa Cinema 2016: i film in concorso. Artinmovimento (1 Апрель 2016).
- ↑ Художественное училище памяти 1905 года вошло в пору революционных перемен. Россия Культура (12 -май (бугу) 2014).
- ↑ OPVS MODERNVM_групповая выставка. Винзавод (29 -ноябрь (жетинин айы) 2016).
- ↑ Алексей Морозов возглавит МГАХУ памяти 1905 года. Православие и мир (22 -июль (теке) 2013).
- ↑ Биография Алексея Морозова на сайте галереи «Эритаж». Текшерилген күнү 18 -июнь (кулжа) 2026. Түп булактан архивделген күнү 21 Апрель 2017.
- ↑ Страница лота №361 (скульптуры Алексея Морозова Carrus I) в каталоге аукциона Sotheby's East.
- ↑ Алексей Алексеев Константин Агунович Денис Белькевич Анна Савицкая. Топ-50 самых дорогих ныне живущих художников России. The Art Newspaper Russia (22 -декабрь (бештин айы) 2016).
- ↑ Татьяна Маркина, Алексей Алексеев, Константин Агунович, Анна Савицкая, Милена Орлова, Денис Белькевич. Топ-50 самых дорогих ныне живущих художников России. The Art Newspaper Russia (19 -октябрь (тогуздун айы) 2021).
