Морфонология

Википедия дан

Морфонология – тил илиминин ар кыл типтеги морфемалардын түзүлүшүн, морфологиялык максатта колдонулган фонологиялык айырма-чылыктарын изилдөөчү бөлүгү. Терминге карата болгон тар түшүнүккө ылайык, Морфонологиянын объектиси - бир морфеманын составындагы фонемалардын вариациялануусу.

Ал кең түшүнүктө алганда, Морфонологиянын объектиси:

  • 1) ар кыл типтеги морфемаларды тыбыштык (фонологиялык) жактан;
  • 2) форма жана сөз жасоо процессинде морфемалардын кайрадан түзүлүшүн жана алардын биригүүсүн;
  • 3) морфемалардын кошулушундагы чектик белгилерин изилдөө болуп эсептелет.

Морфонология фонология жана морфологияны байланыштыруучу звено катары грамматиканын өз алдынча бир бөлүгү морфологиянын тутумуна кирет.

Азыркы учурда Морфонология боюнча изилдөөлөрдө морфонологиялык кубулуш-тардын функционалдык маанилерине негизги көңүл бурулууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4