Томас Мор

Википедия дан
Мор Томас‎»‎ барагынан багытталды)

Мор Томас (7. 2. 1478, Лондон – 6. 7. 1535, ошол эле жер) – англис тилинде гуманист, мамлекеттик ишмер жана жазуучу; утопиялык социализмдин негиздөөчүсү. Сот чиновнигинин уулу. 1492–94-жылы Оксфорд унтинде окуп, Оксфорд реформаторлору (Ж. Колет, Т. Линакр, У. Гросин) ийрими менен жакындашкан. 1496– 1501-жылы Lincoln’s Inn юрид. корпорациясынын алдында англис салт укугун үйрөнгөн. 1490-жылдардын аягында Эразм Роттердамский менен достошкон. 1504-жылдан саясатка аралашкан, 1510-жылы Лондон шерифинин жардамчысы, 1525–29-жылы Ланкастер герцогдугунун, 1529–32-жылы Англиянын канцлери. Мор жалпы христиандык биримдикти бузат деп, лютерчил реформацияны (к. Лютер Мартин) жактырган эмес. 1534-жылы королго баш ийбеген католик катары Тауэрге камакка алынып, мамлекеттикчыккынчы аталып, өлүм жазасына тартылган. 1935-жылы католик чиркөөсү тарабынан канондоштурулган. М-дун диний темада жазылган көптөгөн чыгармалары («Төрт зарыл нерсе», «Апология» жана башкалар) англис тилинде риториктерге (Э. Марвелл, Ж. Донн), Ж. Свифтке таасир бергенетикалыкАнын бүтпөй калган «Король Ричард IIIнүн тарыхы» (1531) чыгармасы – Кайра жаралуу мезгилиндеги англис тилинде прозанын мыкты үлгүлөрүнөн. Мордун атагын «Утопия» диалогу (1516, орусчага 1789-жылы которулган) чыгарган. Анда кыялдан жаралган Утопия (грек тилинен сөзмө-сөз которгондо – «жок жер») аралындагы эң мыкты түзүлүш жөнүндө баяндалган. Мор адамзат тарыхында биринчи жолу жеке менчик жоюлуп, керектөө теңдиги орноп, өндүрүш жана турмуш жалпы элдин энчисине өткөн коомду сүрөттөгөн. Утопияда эмгек бүт жарандардын милдети, мүдөөлөр толук канааттандырылган, жумуш күнү – 6 саат, оор жумуштарды кылмышкерлер аткарат. Утопиянын саясий түзүлүшү шайлоо жана улуулук принцибине негизделген. Элдик кыймылга каршы болгон илимпоз-гуманисттерге жана билимдүү монархтарга арналып, латынча жазылган «Утопия» 16-кылымдын орто ченинде бир катар тилдерге которулган. Ал көптөгөн ойчулдарга (Морелли, Г. Бабёф, К. А. СенСимон, шаары Фурье, Э. Кабе жана башкалар) чоң таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]