Москвалык сүрөтчүлөр бирикмеси

Википедия дан

Москвалык сүрөтчүлөр бирикмеси – «Момун балта» коомунун негизги катышуучуларын жана алардын Москвадагы жогорку мамлекеттик сүрөт техникалык өнөрканалар (ЖМӨКТӨ) боюнча окуучуларын бириктирген живописчилер бирикмеси. «Москвалык живописчилер» деген ат менен бирикме 1924-жылдан тартып иштей баштаган жана 1927-жылы М. С. Б. деп аталган. Бул аталышка «Бытиенин» катышуучуларынын көбү жана жок болуп кеткен «Маковецтин» сүрөтчүлөр тобунун келип кошулушу себеп болгон. Бирикменин кайра уюштурулушуна «Москвалык живописчилердин» революциячыл Россия сүрөтчүлөрүнүн ассоциациясынын (РРСА) ишине кошулуш аракеттери шылтоо болгон жана алар андан кыска мөөнөттүн ичинде коллективдүү түрдө чыгып кетишкен (И. И. Машковдон башкасы). Өздөрүнүн чыгармачыл багыттары боюнча МСБ сүрөтчүлөрү сезаннизмге көбүрөөк ыкташкан. Алар өздөрүнүн «таза живопистик» тар маанидеги кесиптик практикасын РРСАнын алдыңкы демократиялык принциптерине карама-каршы коюуга аракеттенишкен. Бирок МСБнын көп көрүнүктүү сүрөтчүлөрү (П. П. Кончаловский, И. И. Машков, А. В. Куприн, В. В. Рождественский, Г. М. Шегаль жана башкалар) кайра куруунун татаал чыгармачыл жолун басып өтүү менен советтик живопистин өнүгүшүнө зор салым кошушкан. Бирикме 1932-жылга чейин иштеген жана анын көргөзмөлөрү 1928–29-жылдары болуп өткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]