Москва көркөм өнөр жай академиясы

Википедия дан

Москва көркөм өнөр жай академиясы Строганов атындагы (мурунку Строгановка) – Россиядагы өнөр жай, монумент-жасалга, колдонмо искусство, интерьер жасалгалоо боюнча жогорку квалификациядагы чеберлерди даярдап чыгаруучу жогорку окуу жайы. 1825-жылы белгилүү археолог, граф С. Г. Строганов Жогорку көркөм өнөр жай окуу жайы катары негиздеген.1843жылдан мамлекеттик окуу жай, 1860-жылдан техникалык сүрөт тартуу боюнча С. Строганов окуу жайы деп аталган. 1917-жылы Октябрь революциясынан кийин окуу жайы кайра түзүлгөн. Ал бара-бара мамлекеттикэркин көркөм өнөрканалардын курамына, андан соң Вхутемас жана Вхутеиндин курамына кирген. 1945-жылы өкмөттүк чечим менен Москвадагы жогорку көркөм өнөр жайы окуу жайы түзүлгөн (1992-жылы С. Г. Строганов атындагы Москва көркөм өнөр жайы институту, 1996-жылдан С. Г. Строганов атындагы Москва мамлекеттик көркөм өнөр жай университети, 2009-жылдан С. Г. Строганов атындагы Москва мамлекеттик көркөм өнөр жайы академиясы). Анда сүрөтчүлөрдүн бир канча муундары фундаменталдык билим алышкан. Студенттерди даярдоонун окуу-педагогика жана чыгармачыл өндүрүштүк системасы ар кандай шарттарда студенттердин ар тараптуу теор. даярдыгына жана практикалык ыктардын комплексин үйрөнүүсүнө багытталган. Окуу жайдын калыптанышына жана өнүгүшүнө искусство жана архитектура чеберлери С. В. Иванов, М. А. Врубель, А. В. Щусев, В. И. Мухина, Е. Ф. Белашова, В. А. Ватагин, С. В. Герасимов, Г. А. Захаров өз салымдарын кошушкан. Кыргызстандык Т. Садыков (1962– 64), Т. Т. Герцен (1960–66), А. Н. Каменский (1949–56) жана башкалар. скульптор сүрөтчүлөр ушул окуу жайдан билим алышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]