Москвадагы басмакананын кампасындагы өрт кырсыгы

Википедия дан
Москвадагы өрт кырсыгы (2016)
Фото
Печатный экспресс (Москва)
Печатный
экспресс
Печатный
экспресс, Москва
Өрт болгон жер

Орусия Алтуфьев шоссеси, 5-үй, Москва , Орусия
55°51,03′ с. ш. 37°34,57′ в. д.HGЯO

Датасы

27.08.2016
7:56 (UTC+3)

Өрттүн келип чыгышы

Электр чырагынын жарылышы

Каза болгондор

17 адам

Жаракат алгандар

3 адам

Зыян тарткандар

4 адам (куткаруучулар)

Москва шаарындагы Алтуфьев шоссесиндеги өрт кырсыгы — 2016-жылдын 27-август күнү Москва шаарынын Алтуфьев шоссесиндеги «Печатный экспресс» басмаканада болгон өрт кырсыгы. Ал кырсыктан 17 адам каза болуп[1]., 4 адам жаракттарды алышкан. Каза болгондордун ичинен 14 адам Кыргызстандын 3 адам Орусиянын жарандары болушкан.

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өрттүн келип чыгуусуна жарыктандыруучу жабдыктардын иштен чыгышынан улам жаралган техногендик фактор себеп болгон. Ошондой имараттын ичиндеги тез күйүп кетүүчү буюмдар өрттүн күчөп кетишине алып келген. Ал эми имараттын түзүлүшү өз алдынча өзгөртүлгөндүктөн жумушчулар сыртка чыга албай калышкан [2].

Окуянын жүрүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2016-жылдын 27-августь күнү болжол менен, таңкы саат 7:56, «Печатный экспресс» басмаканасынын кампасында өрт чыккан[3]. Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, кампада кагаз жана дароо өрт алуучу боёктор болгондуктан өрт тездик менен күйүп имараттын ичин бүтүндөй каптаган. Өрттүн келип чыгуу себеби, электр чырагынын жарылышынан болгон. Биринчи кабаттан чыккан өрт лифт шахтасы аркылуу төртүнчү кабатты кошо каптаган. Басмакана күндүзгү жана түнкү мөөнөттө иштегендиктен бул учурда түнкүсүн иштеген жамаат күндүзгү жамаатка алмаштырылып жаткан. Андыктан кийим которуучу бөлмөдөгү кыз-келиндер сыртка чыга албай калышкан. Окуяга күбө болгондордун бир тобу ӨКМ кызматкерлери абдан жай иштегенин билдиришип. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракеттерине анча ынанбаган айрым жарандар, жардам берүү үчүн бөлөмөлөргө кирип барышкан.Алар:Азамат Акматов, Адыл Шакиров, Азизбек Абдыгапар уулу, Маматсабыр Алимбек уулу, Таалайбек Марип уулу жана Юрий аттуу жарандар.Булардын иш аракеттери менен бир канча адамдар куткарылып калган.

Каза болгондор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өрттөн каза болгон жарандар
N: Аты-жөнү Туулган жери Туулган жылы
1 Кыргызстан Айкөл Абдаким кызы Алай району Кабылан-Көл айылы 19.01.1993
2 Кыргызстан Айчүрөк Абдумаматова Ош шаары 24.03.1990
3 Кыргызстан Айсулуу Базарбай кызы Өзгөн району Куршаб айылы 01.01.1993
4 Кыргызстан Алина Канатбек кызы Ноокат району Төөлөс айылы 08.02.1994
5 Кыргызстан Алина Топчиева Ош шаары 05.05.1994
6 Кыргызстан Алмаш Камчыбекова Өзгөн району Куршаб айылы 27.01.1998
7 Кыргызстан Гүлбара Бообекова Кемин району Кемин шаары 16.07.1971
8 Кыргызстан Динара Раимкулова Сузак району Кыз-Көл айылы 10.08.1983
9 Кыргызстан Жаркынай Абдуганиева Ноокат району Төөлөс айылы 16.02.1982
10 Кыргызстан Жаңылмырза Коргонбай кызы Кара-Суу району Кара-Дөбө айылы 12.02.1995
11 Кыргызстан Нурай Жумадылова Ак-Суу району Ак-Булуң айылы 10.09.1998
12 Кыргызстан Махигүл Азимжан кызы Ноокен району Курулуш айылы 03.12.1995
13 Кыргызстан Индира Маматкасымова Каракол шаары 18.08.1977
14 Кыргызстан Кыял Алабердиева Ак-Суу району Челпек айылы 25.04.1986

Аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орусия «Печатный экспресс» ишканасынын башкы директору Сергей Москвинге жана ишкананын башкы инженери Антон Яцковго “өрт коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш иштери козголгон.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]