Мотив (философия)

Википедия дан
Мотив(философия)‎»‎ барагынан багытталды)

Мотив (гр. motif, лат. moveo – кыймылдатам) – адамдын кээ бир керектүү талабын канаттандыруу үчүн иш-аракетин шарттаган баам-парасаттуу ниетинин күүсү, себеп, далили. Керектөөнүн негизинде келип чыгуу менен Мотив анын аздыр-көптүр чагылдырылышын түшүндүрөт.

Мотив эрктин аракетинин белгилүү негизделиши жана далили болуп саналып, адамдын коомдук талабына мамилесин көрсөтөт. Мотив иш-аракетти жана жасаган мамилени баалоодо маанилүү роль ойнойт, анткени андан адамдын субъективдүү иш-аракети үчүн кандай субъективдүү мааниге ээ болгондугу көз каранды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8