Мравинский Евгений Александрович

Википедия дан

Мравинский Евгений Александрович (1903-ж. т., Петербург) - орус дирижёру, СССР эл артисти (1954). Социсалисттик Эмгектин Баатыры (1973).

  • 1931-ж. Ленинград консерваториясынын дирижёр классын бүтүргөн.
  • 1932-38-ж. С. М. Киров атындагы Ленинград опера жана балет театрынын дирижёру.
  • 1938-жылдан Ленинград филармониясынын оркестринде башкы дирижёр. Мравинский дирижёр өнөрү боюнча мезгилинде эң ири чеберлерден болгон.
  • Репертуарында Л. Бетховен, П. Чайковский, А. Бородин, Г. Берлиоз, Г. Малер ж. б. композиторлордун симфониялык чыгармалары негизги орун ээлеген. Д. Шостаковичтин кыйла чыгармаларын (анын ичинен 5, 6, 8, 9, 10-симфониялары), ошондой эле С. Прокофьев, А. Хачатуряндын жана ленинграддык бир катар композиторлордун чыгармаларын биринчи жолу элге тартуулаган.
  • 1936-37-ж. жана 1961-жылдан Ленинград консерваториясында мугалим.
  • 1963-жылдан проф. 1946-жылдан Европа жана Түн. Америка өлкөлөрүндө гастролдо болгон. Дирижёрлордун бүткүл союздук конкурсунда 1-сыйл. (1938) алган.
  • СССР мамлекеттик (1946), Лениндик (1961) сыйлыгынын лауреаты.
  • Ленин ордени, башка 3 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.