Муддассир сүрөсү
Jump to navigation
Jump to search
- 74-сүрө
Муддасир сүрөсү[оңдоо | булагын оңдоо]
- Меккеде түшүрүлгөн. Элүү алты айаттан турат.
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. Эй, кийимине оронуп алган!
- 2. Тур да, эскерткин[2]!
- 3. Жараткан Эгеңди даңкта!
- 4. Кийимиңди таза тут!
- 5. Ыпластыктан кач[3]!
- 6. Кылган жакшылыгыңды көп деп эсептебе[4].
- 7. Эгең үчүн сабырдуу бол!
- 8. Кайсыл Күнү сурнай тартылса,
- 9. Ал абдан оор Күн[5] (болот)!
- 10. Каапырлар үчүн оор Күн.
- 11. Кимди Мен жалгыз кылып жараткан болсом[6], аны жалгыз Мага кой.
- 12. Ага Мен кенен байлык бергем
- 13. жана күбө болуучу балдарды (бердим).
- 14. Турмуштагы жолун шыдыр кылып койдум.
- 15. Ал дагы көбүрөөк берүүмдү үмүттөнөт[7].
- 16. Жок! Ал Биздин айаттарга өтө каршы.
- 17. Мен аны машакатка дуушар кылам[8]!
- 18. Анткени ал ойлонду да, өзүнчө таразалады.
- 19. Ал, жок болгур, кандай өлчөө жасады!
- 20. Ал, жок болгур, дагы кандай өлчөө жасады!
- 21. Анан карады[9].
- 22. Анан кабагын түйүп, кашын үйрүдү.
- 23. Анан тескери бурулуп, текеберленди.
- 24. Анан айтты: «Бул[10]– жазылып калган бир сыйкырчылык;
- 25. Бул – болгону адамзаттын сөзү», –деп.
- 26. Сакарда[11] мен аны өрттөп салам!
- 27. Сен «Сакар» эмне экенин билесиңби?
- 28. Ал калтырбайт, таштап да салбайт[12].
- 29. Ал адам терисин куйкалап салат.
- 30. Анын үстүндө он тогуз күзөтчү[13] (бар).
- 31. Биз Тозокту башкарууга периштелерди гана койгонбуз жана ыймансыз каапырларды сыноо, китеп ээлерин[14] ынандыруу, ыймандуулардын ыйманын күчөтүү үчүн ал жерге ээлик кылган периштелердин санын так аныктап[15] койдук. Андан[16] китеп ээлери да, ыймандуулар да шек санабасы, жүрөгүндө ооруу барлар жана ыймансыздар «Алла муну менен бизге эмнени каалайт?» – деши үчүн (ушинттик). Алла кимди кааласа ошентип жаңылыш жолго салып, кимди кааласа түз жолго багыттайт. Эгеңдин аскерлерин[17] бир гана өзү билет. Бул, Тозок оту – адамдар үчүн эскертүү.
- 32. Албетте, Айга ант!
- 33. өтүп бараткан түнгө ант!
- 34.Агарып келе жаткан таңга ант!
- 35. Бул – эң чоң балээлеримдин[18] бири.
- 36. Адамзат үчүн эскертме катары:
- 37. Силерден ким жакшылыкка умтулса ага да, ким артта калса ага да эскертүү.
- 38. Ар бир жан өзү кылган иштин[19] барымтасында калат.
- 39. Оң кол ээлеринен башкалары,
- 40. Бейиште бири-биринен сурашат.
- 41. Күнөөкөрлөр жөнүндө:
- 42. «Силерди (бул) Сакарга эмне[20] алып келди?» (–дешет).
- 43.Алар жооп беришет: «Биз намаз окугандардан эмес элек»,
- 44. «Бей-бечараларга да тамак бербедик».
- 45. «Биз пайдасыз бузукулукка баткандар менен бирге баткан элек»,
- 46. «Кыйамат Күнүн жалган дегенбиз»
- 47. «бизге өлүм келгенге чейин», – (деп айтышат).
- 48. Бул жерде аларга колдоочуларынын колдоосу да жардам бербейт.
- 49. Аларга эмне болгон: Эскертүүдөн жүз бурушат.
- 50. Алар жапайы эшектер сымал,
- 51. арстандан качкан…
- 52. Чындыгында, алардын ар бири өздөрүнө гана баракча[21] түшүшүн каалашат.
- 53. Жок! Алар Акыреттен[22] коркушпайт.
- 54. Ооба! Бул[23] чындыгында эле эскертүү.
- 55. Ким укса андан насаат алсын.
- 56. Бирок Алла каалабаса, алардын[24] бири да насаат ала албайт. Алла гана коркууга[25] жана кечирим берүүгө татыктуу.